Депутат Тазабек Икрамов алкоголдук продукциянын аталышына улуттук баатырлардын атын колдонууга каршы чыкты.
Ал айрым мыйзам актыларга өзгөртүү сунуштаганын, бирок Экономика жана коммерция министрлиги мыйзам долбооруна атайын талдоо талап кылганын белгилеген.
"Манас, Семетей, Сейтек аталышындагы алкоголдук ичимдиктердин курамын эмес, аталышын өзгөртүүнү сунуштап жатам. Бул ишканалар мага демектен, атасынын же баласынын атын коюп алышсын. Болгону руханий башатыбыз болгон "Манастагы" оң каармандардын атын пайдаланбасын", — деди Икрамов.
Ал айрым алкоголь чыгарган ишканалар үчилтикти коргогон мыйзамдарды этибарга албай эпостогу аталыштарды колдонгонун белгиледи.
Бул маселе боюнча протоколдук тапшырма берүүнү айтып, УКМК төрагасы Ташиевди көзөмөлгө алуусун өтүндү.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5