Билдирмеге ылайык, анда 5000 көрүүчүгө орундуктар, жарык берүүчү чырактар орнотулуп, бөлмөлөр оңдоп түзөлгөн. Мындан тышкары, Кыргызстанда биринчи жолу аталган стадионго VAR-системасы (клыстар видео аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгү – ред.) орнотулары маалымдалды.
"Оңдоо иштери Кыргыз футбол союзу жана Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан аткарылган. Стадион Азия футбол конфедерациясынын, Эл аралык футбол федерациясынын талаптарына толугу менен жооп берет. Анда эл аралык расмий оюндарды өткөрүүгө болот", – деп айтылат маалыматта.
Ачылыш аземине Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев да катышкан. Объектинин ачылышынан кийин дароо Кыргыз Республикасынын 1XBET премьер лигасынын "Мурас Юнайтед" жана "Илбирс" командаларынын беттеши башталган.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев