Ош шаарына Москвадан Кремлдин дубалындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келингенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аны 4-май таңга маал Россия президентинин ишенимдүү адамы, актер Михаил Мамаев, "Элдик фронт" кыймылынын Красноярск крайындагы облустук аткаруу комитетинин башчысы Оксана Ларионова жеткирген. Конокторду Ош мэриясынын, Россотрудничествонун жана Россиянын Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алган.
"Эскерүү оту" эл аралык акциясынын алкагында митинг-реквием өтүп, от жагылып, андан соң Түбөлүк оттун бөлүкчөсү Кыргызстандын башка шаарларына өткөрүлүп берилмекчи", — деп жазылат маалыматта.
Бул иш-чара быйыл Ош шаарында экинчи
26сынын экөө эле калат үйдө. Калганынын баары окуйт. Эртең менен саат 6:30дан эле телефонду чыңылдатып, тургула деп кыйкыра баштайм. Анан бул жакта жумуртка, сүт бышырып, эртең мененки тамагын ичип алышып мектепти көздөй жөнөй башташат. Бири-бирин, улуусу кичүүлөрүн кийинтип, чачтарын тарап алып кетишет. Эртең менен окугандар менен кошо күрөшкө баргандар шаарды көздөй жөнөшөт. Аны мурда атабыз алып жөнөчү, азыр балам машинасына салып алып жөнөйт. Алар сумкаларына спорт кийимдерин салып, эртең мененки тамагын ичип алып шаарга кетишет. Ошондо түштөн кийин окугандар эле калабыз. Аларды узатып коюп, биз туруп алып ызы-чуу болуп, тамагыбызды ичип, үйүбүздү жыйнап... Жашообуз ушундай башталат.
Биздин борбор "Эне-бала мээрими" деп аталат. Борбордун негизги максаты — эне-баланы ажыратпай, биргеликте сактап калуу. Азыркы учурда 26 бала бар. 26нын 17си энеси менен. Мигранттардын, студенттердин балдары жашайт. Балдарын биз карайбыз, энелери иштеп жүрөт, миграцияда жүрөт дегендей. Калгандардын энелери алыста миграцияда. Кээ бир энелер алтынчы, дем алыш күндөрү келип, балдар менен болуп же сыртка алып чыгып эс алдырып келишет. Кээде бул жакта калып жардам берип кетишет. 15 жылдын ичинде 200дөй аялды, 300дөй баланы кабыл алып убактылуу бактык.
Бул “Эне жана бала мээрими” кризистик борбору. Ага турмуштук оор кырдаалга кептелген балдар, кош бойлуу болуп калганын жашырып жүргөн кыз-келиндер кабыл алынат. Борборду Иса Өмүракунов менен Таалайкүл Арзыматова 15 жылдан бери иштетип, уядан 300 баланы учурушкан. Тилекке каршы, быйыл бул чоң үй-бүлө таянар тоосу Өмүракуновдон айрылып калды.
ЕАЭБ өлкөлөрү биргелешип экономиканын кеңири анализин түзө баштайт. Бул тууралуу Армениянын финансы министринин орун басары Эдуард Акопян Ереванда өткөн "ЕАЭБдеги каржы интеграциясынын тереңдеши" атуу конференцияда билдиргенин Sputnik Армения жазды.
Ал Биримдикке кирген беш өлкөнүн Финансы министрликтери макроэкономикалык туруктуулуктун биргелешкен критерийлерин макулдашканын белгилеген.
Мында эл аралык практикадагыдай эле критерийлер колдонулат. Тагыраагы, мамлекеттик карыздын ИДПга карата тобокелсиз деңгээли 50 пайыз, ИДПга карата бюджеттин дефицитинин деңгээли 3 пайыз деп эсептелет.
Бул көрсөткүчтөр өссө бийлик чыгашаны кыскартышы керек. Мындай көрүнүш келечектеги экономикалык өнүгүү ү
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга жүйөлүү себеп болбосо Россияга барбай турууну сунуштады.
ТИМ бул Россия бийлигинин "Крокустагы" терактыдан кийин коопсуздук менен көзөмөлдү күчөткөнүнө байланыштуу экенин белгиледи.
Ал эми Россияга барууга зарыл болуп жатса өлкөдөгү чектөөлөрдү текшерип алуу керек.
Күтүүсүз кырдаал жаралып, шашылыш суроолор пайда болсо элчиликтин +7 925 115 50 47 номерине чалууга, ошондой эле министрликтин консулдук департаментине +996 999 312 002 номери аркылуу кайрылууга болот.
Эскерте кетсек, теракт үстүбүздөгү жылдын 22-мартында кечинде болгон. Имаратка кирип келген бир нече эркек киши адамдарга ок чыгарып, жарылуучу заттарды ыргытып, натыйжада 145 киши өмүрү
Подмосковьедеги "Крокус сити холдо" болгон терактыда элди сактап калган үч өспүрүмгө Россия президенти Владимир Путин Өлүм алдындагыларды куткарганы үчүн медалын тапшыруу жарлыгын чыгарды. Сыйлангандардын арасында теги кыргызстандык Ислам Халилов да бар экенин РИА Новости жазды.
"Чукул кырдаалда элди аман алып калуу үчүн чечкиндүүлүк менен эрдик көрсөткөн Артем Донской, Никита Иванов жана Ислам Халилов Өлүм алдындагыларды куткарганы үчүн медалы менен сыйлансын", — деп жазылат документте.
Эскерте кетсек, теракт үстүбүздөгү жылдын 22-мартында кечинде болгон. Имаратка кирип келген бир нече эркек киши адамдарга ок чыгарып, жарылуучу заттарды ыргытып, натыйжада 145 киши өмүрү менен коштошкон.
  • Класс
Сузактагы окуядан кийин Porter унаасынын 48 жаштагы айдоочусу кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Окуяны министрликтин жетекчилиги көзөмөлгө алып, ордунан көзөмөлдөө үчүн кеткен. Айдоочунун аракетине баа берилмекчи.
Жалал-Абад облустук милициясы окуя бүгүн, 2-май күнү саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда болгонун билдирди. Ал жакка миңдеген окуучу манас айтууга чогулган. 48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айткан.
Азыркы учурда тийиштүү эксперт
  • Класс
Сузакта Porter сүзүп кеткен окуучулар боюнча Жалал-Абад облустук милициясы маалымат берди.
Буга чейин массалык иш-чарада ондогон баланы жүк ташуучу унаа коюп кеткени белгилүү болгон.
Жалал-Абад облустук милициясы окуя бүгүн, 2-май күнү саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда болгонун билдирди. Алгач 102ге кабар берген милиционер балдарга бекер балмуздак таратууга келген 48 жаштагы киши унаасын өчүрбөстөн түшүп кеткенин айткан.
“Айдоочу көрсөтмөсүндө Porter унаасынан түшүп, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан балмуздакты кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айтты”, - деди милиция.
“Ура
  • Класс
Показать ещё