Сиз издеген маалыматтар “Супер-Инфодо”! Жаңылыктарга бай гезиттин жаңы – №1121 саны 31-май күнү таң эрте сатыкта болот. #ГезиттиЫсыгындаОкуңуз #ЖаңыСанда Майрамбек Осмонов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Футболдо топ куугандай, билимдин артынан куусак кана?!” Коуч, бизнес-машыктыруучулар байыганды кантип үйрөтүп жатышат? Роза Жекшенова, жабырлануучу: “Жаркылдаган кызым мыкаачы абьюзердин курмандыгы болду” Өлкөдө уран казууга уруксат берилиши мүмкүн Теңизбек Токтомушев, бүтүрүүчү: “АКШнын 10 университетине окууга өттүм” Санжар Бердибеков, куудул: “Балдарыма жакшы ата боло албай жүрөм” Зайырбек Ажыматов жана анын эрке кызы Карлыгач... “Күйөөм каза болгондон бери ка
Учурдун актуалдуу онлайн кесиптериБуга чейин инфопродюсер, инфобизнесмен сыяктуу бир топ онлайн кесиптер тууралуу жазганбыз. Учурда актуалдуу болуп жаткан онлайн кесиптер тууралуу маалымат берүүнү улантабыз.
Жакында Европа футболунун сезону аяктайт. Демек, адаттагыдай трансферлер парады күтүлүүдө. Сезон аяктай электе эле айрым футболчулардын клуб алмаштырары анык болуп калды. Алар учурдагы клубунан кетүүнү өзү чечкендер жана клубу келишимди узартуудан баш тарткандар.
Арабызда ашкере баласаак, бала десе үзүлүп түшкөн ата-энелер бар. Мындай мамилеси менен алар “балдарыбызга күчтүү сүйүүбүздү көрсөтүп жатабыз” деп ойлошот. Бирок бул жаңылыш ой, психологдор жагдай башкада дешет. Кыргызда муну “Атасы болушчаактын уулу урушчаак, энеси болушчаактын кызы ыйлаак” деп таамай сүрөттөп коюшкан. Төмөндө ашкере баласаактыктын балага тийгизген оң жана терс таасирлери тууралуу сөз кылабыз.
Байкасаңыз, өлкөдө улуттук баалуулуктарды заманбап формада модага айлантуу тенденциясы жүрүүдө. Кыргыздын оюм-чийими бар кийимдер, ата-бабалар колдонгон буюмдардын жаңыча үлгүлөрү жана башкаларды мисал кылууга болот... Маектешим ”Кийиз дүйнө” коомдук фондунун жетекчиси, белгилүү дизайнер Айдай Асангулова. Ал кыргыз элинин этностилин жайылтып келет.
Голливудда дагы бир жылдыз жаркырап жанып келе жатат – Николас Голицин деген. Акыркы 2-3 жылда ысымы маалымат каражаттарынан, жүзү экрандан түшпөгөн актёр тууралуу маалымат издегендер көп. Ата-теги, карьерасы, жашоосу, келбети... Айтор, Николас мырзага кызыккандарга арналды макалабыз.