“Китепстан” басма үйүнөн жаш балдарды кайрымдуулукка жана ишкердикке үндөгөн китептер жарык көрдү.
Азыркы замандын көрөгөч лидерлери Apple компьютер компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс, NIKE спорт кийим компаниясынын негиздөөчүсү Фил Найт, белгилүү IKEA эмерек компаниясынын негиздөөчүсү Иӊвар Кампрад жана “Бүткүл медианын ханышасы” (ток-шоу алып баруучусу) атактуу Опра Уинфринин өрнөктүү жашоосун чагылдырган китептер кыргыз тилинде жарык көрдү.
Китептер түстүү сүрөттөр менен берилип, эртеӊки күндүн лидерлерин ар тараптуу, чечкиндүү жана эркин болууга шыктандырат. Жаш муунга өздөрүнүн чыгармачылыгы, кыялдарын орундатуу, айлана менен эриш-аркак жашап, ишкердикте талбас эмгеги менен дүйнөнү өзгөртө алышарына ишеним тартуулайт. Китептер 6 жаштан жогору балдарга арналып, калың мукабада даярдалган.
Китептерди Асылбек Жоодонбеков, Жибек Кенжебаева, Нуболот Азамат жана Эрмек Шоруков кыргызчаланган. Насыпбек Асанбаев редакциялап, корректорлугун Жетиген Асанбек, вёрсткасын Сыргакбек Абдырасов жасаган. Китептердин автордук укугун алып, кыргызчаланышына Тимурлан Ашыров колдоо көрсөткөн.
Китептер дүкөндөрдө сатыкка чыкты.
Кошумча маалымат:
1. Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобстон эмне үйрөнө алам?
Стив Жобс – атактуу Apple компаниясынын негиздөөчүсү. Бул кыялкеч адам ишкерликте да, маданият жаатында да өрнөк инсанга айланды. Сүрөттүү китепте анын өмүр жолун баяндап, кийинки муунга өздөрүнүн чыгармачылыгы жана талбас эмгеги менен дүйнөнү өзгөртө алат деген ишеним тартуулайт.
2. NIKE компаниясынын негиздөөчүсү Фил Найттан эмне үйрөнө алам?
Фил Найт – атактуу NIKE компаниясынын негиздөөчүсү. Ал спорт бут кийимин сергек жашоо образынын символуна айландырган көрөгөч киши. Китеп жаңы өсүп келаткан муунга Фил Найттын өрнөктүү жашоосун тааныштырып, аларды кыялдарын орундатууга, жигердүү болууга жана айлана менен эриш-аркак жашоого шыктандырат.
3. IKEA компаниясынын негиздөөчүсү ИҢВАР КАМПРАДдан эмне үйрөнө алам?
Иӊвар Кампрад - белгилүү IKEA эмерек компаниясынын негиздөөчүсү, дүйнөдөгү эӊ ийгиликтүү ишкерлердин бири. Китепте анын сүрөттүү өмүр таржымалы жаӊы муунга жөн гана жагымдуу жасалганы эмес, анын компаниясын бийик деӊгээлге чыгарган үнөмдүк менен теӊдикке болгон көз карашын көрсөтөт.
4. Бүткүл медианын ханышасы Опра Уинфриден эмне үйрөнө алам?
Опра Уинфри – дүйнөдөгү эң ийгиликтүү жана таасирдүү аялдардын бири. Ал дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарга шык берди. “Бүткүл медианын ханышасынын” бул сүрөттүү өмүр баяны жаңы муунга каалаган нерсеге жетүүгө болорун, кыялдануу, тынымсыз изденүү, өзүңө жана башкаларга болгон сый ийгиликтин башаты экенин көрсөтүп, жаш окурмандын дүйнө таанымын жаңыча калыптандырат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1