Бул менин дүйнө таанымымды «до и после» кылып экиге ажыратып койгон китептердин бири. Бул чыгарма жөнүндө эрте билип, эрте окуп алганыма кубанам. Ошондуктан, анын кыргызчага которула баштаганын уккандан баштап эйфориядамын. А качан аны редакциялоо сунушу түшкөндө толкундануу менен кабыл алып, түндү көзгө илбей, ырахаттануу менен аткардым. Бул китепти кыргызчалатуу машакатын мойнуна жүк кылып, ишти соңуна чыгарган Бакыт Абдуллаевке ыраазычылыгым жана урматым чексиз.
Бул китеп кыргыз окурманынын колуна алда канча эрте тиймек. Бирок Бакыт байке автордук укугун алуу кыйынга тургандыктан, 2020-жылды күтмөй болот. Себеби, дүйнөлүк стандартта автордун көзү өткөндөн туура 70 жылдан кийин чыгармалары элдик деп эсептелет да, аны которууга автордук укук талап кылынбай калат. Оруэллдин 50-жылы кайтыш болгонун байкаган Бакыт байке 20-жылды зарыга күтөт. Бирок аны пандемия, англис тилинен түз которо алган адабий котормочунун жоктугу, каржы маселелери күтүп турган.
Багы бар экен, адабий котормочу Бакыт байкени өзү издеп келет. 26 жаштагы Адамата Алишеров кыргыз адабиятынын котормо жанрындагы жаңы жылдыз. Мындан 3-4 жыл мурун эле ар кандай адабий талкууларда «ортомчу тилсиз түз котормочубуз жок» деп адабиятчы ага-эжелер кейишет эле. Эми дүйнө адабиятын англис тилинен түз которуп бере алган азаматыбыз пайда болду. Мен редакциялоо учурунда аталган чыгарманын англисчесин, орусчасын, анан кыргызчасын ачып алып сапма-сап окуп жаттым. Айырма бар, буга чейин орус тил аркылуу бизге келген чет элдик адабияттарды кайра которуу кажет экенин түшүндүм. Андыктан, Адамата Алишеров биздин руханий көз карандысыздыкка карай жолубуздагы чоң табылга. Бул Адаматанын үчүнчү олуттуу котормосу. Буга чейин ал Эң Пак Тинин «Сингапурдун билим берүү системасы: Парадокстордун күчү» китебин, Рэй Брэдберинин «451 Фаренгейт» романын кыргызчалаган. Эми ал элдин көзүн ачар чыгарманы кыргыз тилинде жеткиликтүү кылып отурат.
Ошентип, чыгарма мерчемделген убакыттан кыйла кеч, дээрлик 3-4 жылдан кийин гана жарык көрүп отурат. Бирок ар нерсенин өз убагы болот деген чын. Тоталитардык режимдин бет кабын сыйрыган бул роман тоталитаризм дүйнө тынчтыгын бузган учурга, Кыргызстандын эркиндигине, эгемендигине шек келтирген жагдайлар көбөйгөн маалга туш келди.
Апрелде бул чыгарманы мекендештерине бекер таратып жүргөн орус активистине кылмыш иши ачылды. Май айында Беларусия бул китепке тыюу салды. «1984» мына ушул окуялардын фонунда басмага кыргыз тилинде даярдалып жатты…
Эгемендүүлүктү жоготуп алуу опоңой иш экенин түшүнүп калбадыкпы. А эркиндик дегениң желек, герб, гимнден эмес, жарандардын ой жүгүртүүсүнөн, аң-сезиминен башталарын күндө көрүп атпайбызбы. Эркиндигибиз үчүн күрөш бүтүп, эми аны сактоо үчүн күрөш уланып атпайбы. А бул китеп мына ошого салым кошот.
«Эгемендүүлүгүн оюнчук көрүп, бир адамдын керт башына сыйынуудан кайра тартпаган өнөкөт мүнөз калыптанып келаткан учурдан биздин аң-сезимди куткарар эмгек ушул», - деп жазыптырмын мурда. Эмесе, ушул эмгекке салым кошкон бардык жакшыларга ыраазычылык билдирем, кичинекей салым кошуп калганыма сыймыктанам.
Жаңы адабий табылгабыз кут болсун!
Нурболот Азамат
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2