Элеонора Сагындык кызы.
Жакында эле Бишкектин Ак-Өргө жаңы конушунда ата-энесине таарынып, өз жанын кыям деп коркутуп жаткан өспүрүмдү милиция кызматкерлери жана психологдор өз учурунда жардамга келип, баланы сактап калышты.
Окуянын видеосу коомдук сайттарда таркап, азыркы ата-энелердин бала тарбиялоодогу кыйынчылыктары тууралуу теманы кайрадан күн тартибине чыгарды.
Бүгүнкү доордо ата-эне менен баланы алыстаткан эң биринчи ажырым эмне?
“Ата-энелер менен балдар ортосундагы эң эле чоң кыйынчылык - бул муун өзгөчөлүгү болуп жатат. Улуу муун азыркы муунду кабыл албайт. Азыркы муун улууларды кабыл албайт. Муун аралык конфликттер болуп жатат. Азыркы муундун өзгөчөлүгү - бул гаджеттер болуп жатпайбы. Ошону түшүнбөгөндүктөн агрессивдүү мамиле болуп жатат", - дейт психолог Алтынай Кариева.
Психолог азыркы муун өзүнө тең ата мамилени күтөрүн, өзгөчө өспүрүм балдарга "жогорудан" акыл айткан өтпөсүн эскертет:
"Азыркы балдардын дагы бир өзгөчөлүгү - алар чоңдор менен тең мамилени каалашат. Булар үчүн ал норма. Азыркы балдар статуска карабайт, курагыңа карабайт. Алар улуулар менен жөн гана тең болгусу келет. Улуу муун мунун сыйлабастык катары кабылдап жатат. Аларда балдарды өзүнөн ылдыйлатуу маселеси бар. Бирок ошону кайра маселе кылбай, бала менен бирдей деңгээлге түшсө, көп маселелер чечилмек. Бул муун жакшы да эмес, жаман да эмес, бул болгону башка муун”.
Талдоочулар кыргыз коомунда баланы тарбиялоодо дагы деле күчкө салуу адаты кала электигин айтышат.
Педагогдор азыркы заманда балдарга мурдагыдай “уруп-согуу” өтпөй калганын, андыктан балдар менен мамиле түзүүдө ата-энелерди астейилдикке чакырып жатышат.
Көк чыбыкты көтөрө чуркабайлы...
Мурда балага күч көрсөтүп тарбиялоо кадыресе иш катары кабылданып келген эле. Бирок анын кесепетин коом азыр көрүп жатканын айткандар да бар.
“Мурда бала тарбиялоодо психологиялык зомбулукка кабылчубуз. Ошонун травмаларынын айынан бүгүнкү коомдогу жалпы көйгөйлөр чыгып жатат. Азыркы коомдогу зомбулук ошол 80-90-жылдардагы балдардын психологиялык көйгөйлөрүнүн кесепети. Мисалы, биз ата-энелерибизден таяк жесек, бул нормалдуу эле көрүнүш катары кабылданчу. Бирок бүгүнкү күнү балдарды уруп-сого турган болсоң, ата-эне катары өзүңдү күнөөлүү сезесиң. Экинчиден, бала дагы аны кабыл кылбайт. Анын кесепети 10-20-жылдан кийин эмес, кыска убакыттын ичинде сыртка чыгып кетип жатат. Мисалы, суицид. Өспүрүмдөр арасында ушунун көрсөткүчүнүн жогору болушу психологиялык зомбулуктун кесепети”.
Бирок жакшы жери - соңку жылдары кыргыз коомунда жаш ата-энелер арасында бала тарбиясына кызыгып, китеп алып окугандар көбөйдү.
“Кыргызстандыктарды китеп окугандар жана окубагандар деп бөлүп караса болот. Окугандарды карай турган болсок, биринчи орунда эле мотивациялык китептер окулса, андан кийин эле бала тарбиялоо боюнча китептер жакшы кетип жатат. Которулуп, сатылууда. Ал боюнча сынактар жүрүп жатат. Китеп дүкөндөрүнө барсаңар ата-энелер көбүнчө бала тарбиясы боюнча китептер сатып алып жатышканын көрөсүңөр. Бул жакшы көрүнүш. Бирок алар Кыргызстандын бир эле бөлүгү. Китеп окубаган да бир бөлүгү бар. Бирок алар эмнеге окубайт дегенде, чыгарылып жаткан китептер, ашып кетсе үч-беш миң нуска менен эле чыгат. Бул эми жети миллион калкка кенедей эле сан болуп калат да”.
Китеп окубаса да, интернет, санарип технология өнүккөн заманда ата-энелердин бала тарбиялоодо изденип, ар кандай тренинг, вебинарларга катышууга мүмкүнчүлүгү бар.
“Бакырбаган апалар”...
Апал Айтикулова орус тил мугалими. Соңку жылдары ал бала тарбиялоо боюнча ата-энелерге да сабак өтүп келет. Анын “Бакырбаган апалар” курсуна эки миңге чукул айым катышкан.
“Бул курсту эмнеге ачтым жана эмне үчүн апалар менен иштеп баштадым? Себеби, бул нерсе менин өзүмдүн башыман өттү. Жаш кыял чагымда эле турмушка чыгып алып, балалуу болгондон кийин, кызым экиге чыкканда балдардын кризиси башталды. Ошол убакта мен эмне кыларымды билбей олтуруп калдым. Барып бирдмелерди чачышат, мен нервденип кыйкырам, бакырам. Өзүм айла таппай калгам. Үч жашка чыкканда кол көтөрүп, жемелеп авторитардык тарбия берип баштадым. Анан тескери кетип жатканымды түшүнүп, китептерди казып чыкканга туура келди. Негизи педагогмун, билим алгам, бирок терең болбой калган. Диний көз караш боюнча пайгамдардын да ыкмалары бар, бирок андан сырткары, психологияны изилдегенде да жеңил болот экен”.
Кесипкөй мугалимдин пикиринде, эне-баланын мамилесиндеги көйгөйдүн бир чоң себеби - алардагы жаңылыш түшүнүктөр.
“Эмне үчүн апалар бакырат деген суроодон башташ керек. Апалар мага келип, балам мени эч укпайт, келип сенин курсуңа катышып, балам мени угуп калсынчы деген максатта келишет. Жок, анын түпкү тамырын издеш керек. Ал барып энеден көз каранды. Эне тарбия нугун башкача буруп, башкача тарбия берип баштаганда, бала өзү эле автоматтык түрдө энесин угуп баштайт. Көпчүлүк энелердин көз карашында туура тарбия деген бул – отур десең отурган, тур десең турган робот сыяктуу балдарды каалашат, ошону тарбия деп ойлошот. Өзүмдүн апам деле "сен педагогсуң айтчы, булар бир айтканда эле угуп калсын" неберелерим дейт. Жок, андай эмес. Бала качан туура тарбияда болот, качан өзүнүн оюн, калоолорун ачык айта алганда, ошол туура тарбия болот. Болбосо 30-40ка чыкканда деле эмоционалдык жактан жетилбей калган адамдар болот. Алар эмнеден болот? Жаагынды жап, өкүрбө, деген ата-энелер бар”, - дейт Апал Айтикулова.
Энелер мектебин эңсеген элеттик мугалим...
Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, Тажикстан менен чектешкен эң четки айылда жашап, иштеп келе жаткан Гапыр Мадаминов балага мамиле боюнча бир нече китеп да жазган. Алардын бири "Энелер мектеби". Мугалим ушул ишке киршкенден тарта, эмгеги текке кетпегенин, тескерисинче тентек деген балдар дагы окууга көңүл бура баштагын айтып келет. Чынында Кыргызстандын эң алыскы мектебиндеги окуучулар республикалык предметтик олимпиадаларда баш байге алып, жалпы тестте эң жогорку упайларга жетишип жүрөт. Ал бала тарбиялоодо ата-эне же мугалим биргелешип, бири-бирине көмөктөшмөйүнчө окуусунда ийгилик, жакшы багыты болбойт дейт. Чыган педагог ата-энелерге Би-Би-Си аркылуу атайын кайрылган эле.
Соңку жылдары Кыргызстанда тарбия ишиндеги кризис болуп жатканы байкалат. Ата-эне тарбиясы үй-бүлөдө көп жагынан таасирлүү болбой баратат. Ага караганда, балдарга Интернет менен массалык маданияттын таасири үстөмдүк кылат.
Мектепте көп жылдар бою тарбия компоненти каралбай калды. Билим берүү министрлигинде тарбия ишин тескеген сектор түзүлгөнүнө бир-эки эле жыл болду.
Былтыр президент Садыр Жапаров улуттук тарбияга басым жасаган концепцияга кол койгон, ал жаш муунду руханий адеп-ахлак жана маданий баалуулуктарга таянып тарбиялоону карайт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев