Акыркы бөлүм !!!!! 14-бөлүм.
Көз ачып, жумгуча темир торго киришти..... Дакументери да жок. Үн сөзсүз олтуруп калышты... Эртеңки күнү эмне болуп кетээрин билишкен жок.... Дароо экспертиза ал жерге жете келип, текшеришип, Айкөлдүн кол бармактарынын изин табышты ... Эльгизага урулган бычакта да Айкөлдүн колдорунун изи калган болчу.... Кошуналарынын берген маалыматтарына караганда да экөөнү толлук сүрөөтөп беришти. Айкөл менен Тилегенден бөлөк эч ким келбегендигин айтышты... Сурак башталды. Уруп, тээп кылбаган күнөөсүн мойнуна алдырмакчы болушуту... Айласы калбады... Жакынырак тууганы да жок , жардам бере турган инсан да жок. Адвокат да жалдай алышпады... Арадан бир жума өттү, темир тордун артында жаткан Тилегенди бир милиция кызматкери колун артына алып, жанакы сурак берүүчү бөлмөгө алып кирди..Орус улутундагы күн алыс сурак берген өзүнү Тимофей Александрович деп тааныштырган мырза менен Кыргыз консульствосунда иштеген Жакып Айдарович деген биздин адамдын келгенин көрдү...
Жакып Айдарович Тимофейге кайрылды;
~~Бизди жалгыз калтырыңызчы өтүнөмүн. Биз сүйлөшүп алалы...
~~Макул, батырак, калгандар тамактанганы кетишиптир , көрүп калышса иш жаманына айланып кетет. Сизди да суракка тартышы мүмкүн...
~~Ырахмат ,Тимофей жакшылыгынды унутпаймын...
~~Салам, иним , атың ким кел танышып алалы, менин атым Жакып.
~~Саламатсызбы, атым Тилеген ...
~~Иним эмне түрткү болду бул ишти кылганыңарга.
~~Байке биз эмес.! Эшикте жада калса жерде жаткан бычакта сенин аялыңдын кол бармактарынын изи калыптыр. Өлгөн кызда да . Аа буга эмне дейсиң?
~~Биз эмес ! Биз эмес! Биз кирсек өлүп жатыптыр, Айкөл курбусуна чууркай барып ,кучактап алган болчу....
~~ Аялың кесилип кетет он алты жылга. Сени да кесет бир төрт жылга.. Кааласаң каалабасаң иним алардын далилдери бар. Чындыкты айт эми . Убакыт сааты келгенго...
Эшик ачылып , Тимофей кирип келди.
~~Убакыт соңңуна чыкты.
~~Ырахмат, сага! Тилеген иним ойлонуп көр. Сен кылбасаң туурасын айтып, чыгып кет. Сенин аялыңдын өмүр баянын уктум. Жазасын алсын, кылгандан соң! Жакшы кал ! Эртерек чык ! Кыргызстанга кетишиңе жардам беремин...
Тилеген сөздүн маанисин түшүндү..
Ал күнү темир тордо уктабай таң аттырды. Эртеси дагы сурак башталды..
~~Саламатсызбы ?
~~Саламатчылык !
~~Атыңыз ким ?
~~Менин атым Тилеген!
~Жашыңыз канчада ?
~~Жашым оттузда.
~~~~~Эльгизаны кайдан тааныйсыз ? Айкөлдүн өлтүргөнүн көрдүңүз беле ? Сиз жардам бердиңизби ? Эмне себептен ?
~~Айкөл эмес ,мен өлтүрдүм !
~~ Мына эми өзүңө келдиң , себеп ?
~~Аялымды жолдон урду ! Сойкулукка үндөдү . Барып , аялымды тынч коюсун сурансам мага бычагыны көтөрүп, каршы турду. Өзүмдү өзүм корудум. Колун кайрып, жүрөк тушуна эки ирет уруп жибердим... Кандай сайып жибергенимди өзүмда билбей калдым... Ачуумду баса албай калгандыктан , бул иш болду. Абдан өкүнөмүн!
~~Эмне үчүн , Айкөл дүн бармак издери калган , аа сиздики жок.
~~Коркуп кетип, кол аарчы менен сүртүп чыктым, бармак издери калбаш үчүн.
Аялым , артыман келип, өлүктүн үстүндөгү бычакты кармап жерге ыргытып, өлүккө өзүн аттып, кучактап ыйлап жаткан... Бул абалдан пайдаланып, аялымды күнөөлү кылып, өзүм акталып чыгып качып кетүүнү көздөгөнмүн.... Айкөлдү да коркуттум, эгер айтса өзүнү да , айылдагы апасында өлтүрүшүмдү айтып. Ал коркуп сөз берди....... Өлүк көрбөгөн жаны , корккондуктан өзүн жоготуп койду.
Тилеген акыркы ирет өзүнө караштуу аялын корууну туура көрдү. Мээримди коргой албай , өз бактысынан качып келгенине абдан өкүнөт. Азыр да билбейм деп качып кетүү , бул эркектин иши эмес деп ушул жолду туура көрдү... Кыргыздын чыныгы эр азамат жигиттеринин бул иши менен жүзүнү ачып көргөздү.... Алсыз , күнөөсүз темир торго кирип бара жаткан аялыны кооруп, он алты жылдык темир тордун артына кирип кетүүнү туура деп чечим чыгарды.............
~~Бул айткан сөздөрүңүздүн баары , сот күнү өзүңүзгө каршы колдонулат. Бурмалоо болбойт деп үмүттөнөм..
~~Ооба , баарын билемин. Кудум айткан ар бир сөзүмдө каламын.
Эшик ачылып, Айкөл жарыктыкка чыкты.. Эч нерсеге түшүнбөй ,жабылып жаткан темир торго карай жүгүрдү. Бирок баары кеч эле.
Сот залында , сот жүрүп жатты. Эльгиза орус элинин өкүлү болгондуктан , Кыргызстанга которулуп жөнөтүлбөдү. Россияда орус улутундагы элдердин арасында жалгыз Тилеген айыпталып турду...
Акыркы өкүм окулду. Он алты жыл ! Дегенин гана укту .. Кулагы тунуп, көзү караңгылашып, жашоосу караңгы туманга айланып, башы айланкөчөк болду... Он алты жылга темир тордун артына кирип кетти.... Көзүнөн Апасы Кымбат эне, Абай ата эжес карындашы , кичинекей аппак кебезге оролгон уулу көзүнүөн өттү...
~~~ Айыпталуучу акыркы ирет сизге берилүүчү сөз;
« Ата , апа уулуңузду кечириңиздер! » Тилегендин акыркы сөзү ушул болду....
Ал кезде , Кымбат апа үйдө жалгыз калган болчу. Уулунун жолун күтүп, келет, уулум келет деген жакшы үмүт менен гүдөр үзбөй олтурган кез эле.... алдан тайып, өмүрлүк жолдошу Абайды наркы дүйнөгө узаткандан бээри , каарылыкка моюн сунуп, ооруп, төшөктөн тура албай калган кези... Сыртка арааң чыгып, тамакка да табитти чаппай жер сойлоп жатканы жаткан....
Жөтөлүп, күнү ~ түнү тынч уктай албайт.......
Кечинде чырагын күйгүзүп, дубалы урап, эскирип, калган эч кими жок үйдө өзү жалгыз, көзү тунарып бир тешикти тиктеп жатат....
~~Ээй Жараткан! Уулум жанын аман кылып, кайтарып бере гор! Жалгызым Тилегеним келгиче жанымды албай койо турчу.... Жалгызым келгиче , үйдүн шамын өчүрбөй , күтүп алайын, алдынан тосуп чыгып, чекечинен өөп , анан көз жумсам арманым жок эле...
Жараткан коркуп жатамын! Уулумду коро албай калыштан коркуп жатамын! ~деп каарылуу колдору менен жүзүн аарчыды....
Төрүдө илинип ,турган Абайдын илинип турган , сүрөтүн карап;
~~Ээ абышка шаштырбай күтө туруңуз. Жалгызыбыз Тилегенди көрүп , үйдү жайды өткөрүп берип ,анан алдыңызга жол тартамын.. ......
Канча ирет кыздары келип алып кетти. Бирок Илгерки ата бабаларыбыздын доорунда жашаган, ошол кездеги инсандардын тарбиясын алган чоң ата ,чоң энелерибиз такыр башкача инсандар экенине эя кимге талашсыз туура. Үйүнөн бир кадам да чыгып , үйүнү ээн таштабады.... Өзү жекке уулун күттү... Тилегендин камалып кеткени айылдаштары угузбады....
Небересин сагынып , калган кийимдерини жыттап , эстегенде эт жүрөгү эзилет. Кичинекей , ааруу таза , туптунук , күнөөсү жок , кара сыя чызыла элек аң барактай неберсин каттуу ооруп калган кезде , Мээримдин астына алып барып берген...
~~Мээрим , көзүмдүн тиригинде уулуңду колуңа тапшырайын, менин канча өмүрүм калды билбейм, өсөрүм, калган жок,өллөрүм калды , кокусунан Оо Дүйнөгө сапар алсам, мага көнүп калып, ичигип жалгызымдан калган аманатымдан да айрылып калбагыла.. Мына аздыр көптүр карап бердим балам , күчүмдүн жеткени ушул экен.. Өз балаң, бапестеп карап ал.. Билем сага да оор, өзүң араңдан батып олтурсаң , сени түйшүккө салдым. Биздин айыптан көөп жапаа чектиң , жаш өмүрүң каза болду..
~~Жоок апа, мен да эчен ирет алдыңыздан өтүп, баламды алып келемин деп ойлонуп жаткам, бирок, сизди эмне дейт экен деп , бербей койсо кантемин ~деп бара албай жүргөнмүн... Атам каза тапканын укктум, апа атам жакшы адам эле . Атамдан соң эрмегиңиз Аманымды сурай албадым, бетим чыдабады. Ыманым жол койбоду...
~~Ээ алдыгыңа кетейиним , акылдуу жансың, бизден капа болбо кызым, кечир. Пешенеңерге жазылганы экен, качып кутула албайсың.
~~Туура апа , Жараткан мени ушул үйдүн ырыскысын насип кылган туура , бактымды ушул үйдөн таптым, ушул үйгө керек болгон экенмин , кызым бар апа , бешикте уктап жатат....
~~Аа жакшы , жакшы кызым, бактылуу экенсин , сен ошого ылайыктуу аялсың ...
Ылайым кошконуң менен кошо каарып, бирге өмүр сүрүп, тең аарып, тең каарып, уул кыздарыңдын бактына бар болуп, алардын сый урматын көрүп, балпайган бай биче болуп, небере жыттын жыттап узаак өмүр сүр...
Кызыңдын өмүрү узуун болсун, эң башкысы түз жолунан адашпай , тагдырынан тайгаланбай , бактылуу болсун...
~~Ырахмат, ыраазымын апа. Сизда капа болбоңуз.. Мен кечиргенмин. Эчак баарын унутканмын. Жолдошум, уулумду өз уулундай карап ,багууга ыраазычылыгын берген...... Апаке чынында таштап кеткени келсеңиз өтүнөмүн, суранамын таштаңыз. Апаке сиздин алдыңызда төлөп бүтө албай турган акыңыз бар... Сиз Бейишсиз апа ! Ыраазымын уулумду кыйпкызыл эттей мезгилинен , уктабай кошо ыйлап , кошо күлүп, мен бере албаган жылуу мээримиңизди берип багып чоңойттуңуз.. Апа небереңизди каалаганда келип, көрүп кетсеңиз болот...
~~Ырахмат балам жолдошуң эгер ыраазы болсо , аманатыңды ал. Мен да кетейин... Алып кал кызым.. Унаанын артында кийим кечеги бар ,түшүрүп ал...!
Там~туң баскан небереси ээрчип , мурду куюлуп, кичинекей мойтойгон колун созуп, ыйлап кала берген.... Артын карабай, көз жашын көл кылып, бырыш түшкөн колдору менен жүзүн аарчып, солкулдап , ыйлап келе берген....
Мээрим адашкан тагдырына ынанып, Жаныбектин ур токмогуна чыдап, турмуштун күтүлбөгөн оор ~жеңил белектерине да көнүп, Жаныбекке бир кыз төрөп берип, акыры баарын көңүлүн алып, сылык ~сыпайы , жөнөкөй мүнөөзү менен түшкөн кайын журттунун сый урматтына ээ болду.......... Мээримдин эки көзү менен тең айланып, бакылуу бир үй бүлөө болушту..........
Арадан көп убакыт өтпөй , Кымбат апа да көз жумду.. Самара ,Тамара какшап , жер тепкилеп апасыны да Оо дүйнөгө өздөрү жиберишти... Жалгыз уулуну күтүп тура албады. Жалгыз уулунун колунда жан берүүнү, Жайга ак кепинде жалгыз уулунун колунда кетүүнү күн ~ түн уктабай ниет кылган болчу..... Ажал деген айттырбай , күттүрбөй кирип келип, каалаганда алып кетте турган нерсе экен.... Тилегине ит капкандай болду... Ажал күчтүү келип , алып кетти... Тилегенге атасынын да , апасынын да жаназасы окулуп, жаткан кезде, түбөлүк сапар тартып кетип баратканда башында туруп, өкүрүп, бир ууч топурак ыргытуу насип этпеди....
Аял бузулса, жаман жүрсө кусуру өмүрлүк жолдошун урат,, ал эми жолдошу жаман жүрсө уул кыздарын урат дегени ак сөз экен... Айкөл туура эмес жолду тандап, айдай үй бүлөөнү бузуп, өз жолдошуну темир торго салды.. Кусуру жандай көргөн сүйгөнү Тилегенди урду. Жараткан ушул жол менен ,туура жолду көргөздү, түшүндүрүп жеткирди.. Ыйлап, жардам сурап ,кайшы эшикти каккыласа да эч кимден жардам чыкпады... Ыйлап ~ ыйлап акыры Россия федерацияснан беш жылга кирүүгө тыйуу салынып , айдалып чыкты.... Айласыздан кайра кайтып, өзү туулуп өскөн Ата ~Мекенине кайтты... Арманы чуурулуп, Москва шаарында калып кетти... Акыркы Тилегендин сөзү куч кубат берип, Турмушун кайра ак ,туура таза ,жаңңы жашоону жашоо үчүн бел байлап , жол тартты... Кучагын жайып, Ата ~Мекен , бөтөн өлкөдө кыйналган, азап чеккен өз кызыны, кең койнун ачып , чооң үмүт, чексиз сүйүү, түгөнгүс мээрим менен тосуп алды....
Күз айы, күүгүм кирип калган кез.
Тал теректин учунда бирин серин суукка үшүп, дирилдеп жалбырактар саргайып турган кеч куз болчу.... Айыл апа эчак эле жыйынып, уйлоруно кирип ,жарыктарыны тамызып очор бачар, өздөру менен өздөру ,көчөдө кыбыр эткен жан жок. Ке кеде корсулдап үргөн иттердин ундөру угулат жакынкы уйлөрдөн.
Тилеген озү туулуп ,өскөн айылды аралап бара жатты, өзу баскан ,чууркап ойногон таштак көчөлөр , арадан он жыл өтсө да эч өзгөргөн эмес . Дале да болсо баары ошол бойдон турат.... Колундагы кара баштыгыны желкесине асынып, оор үшкүрүнүп алдып, жолун улап бара жатты . Көп жылдан бери көксөп ,кумсап сагынган үйүнө жетип келди..... Бир кездерде айылдын алды болуп , заңгырап, ырыскы ,шаттыкка толуп турган үйү, дал ушул учурда кароосуз, көзгө абдан суук учурап, үйдун куту да өчө түшкөн .. Адамды өзүнө тартып турган жылуулугу да калган эмес. Шыйпыры учуп, дубалы урап , жаан тийген жерлери көчуп кеткен... Терезе, эшиктерин да балталап салган сыяктуу . Жерде ишенин сыныктары чачылып жатат. Он жыл жок болуп журуп, келсе да алдынан эч ким тосуп чыкпады . Үруп чыгаар ити да жок болчу. Кара жанын карч уруп, кабатыр алып , куйгөн ата энеси жалгыз уулу Тилегендин азабынан эрте көз жумушту.Бир уулдун күйүтту жеп бүттү экөөнүтең. Тиштенип, муштумун түйүп , үйүнө бет алды . Көөдөнүн өйгөн өткөн күндөрү көз алдына тартыла түштү. Баарына өзүн күнөөлөйт. Ичкери батынып кире албай , кадамы артка кетти.артын көздөй кетип бара жатканда ;
— Тилеген байке ! Тилген байке !– деген тааныш үн угулду . Артын карай салды. Артында эки аял турган... Тааныбай жатып , арааң дегенде тааныды ,. Эжеси Тамара, карындашы Самара болчу. Самара колундагы уулуну жерге койо коюп байкесине жугурду. Жете келип бооруна кирип кучактап ,өксүп ыйлап кирди .
— Тилеген байкем , менин бир тууганым , жөлөгүм , айланып кетейиним , биздин суранып ,жалбарганыбыз жаратканга жеткен окшойт ,эсен аман кайтып келипсиз.... Сагынып ,саргайып күткөнүмдү билесизби ?! Бизди кайра таштап кайда кетип жатасыз ? Байке кетпеңиз . Кетпеңизчи?
Муздап калган жүрөгүнө жылуулук кирип, мээрим ойгонуп ,көзүнөн жаш тамчылап акты.. Бир далайга чейин койюп жибербей бекем кучактап , карындашы эр эркеп ыйлады. Артында карап турган эжесине бурулуп , өзү кадам таштап барды . Батынып , сөз ача албай уурулук кылып тутулган туткундай жер тиктеди...
— Эже мен келдим !
— Эмнеге ,эмнеге келдиң? – деди буулугуп ,көз жашын аарчып. Көздөрундө жек көрүү да , сагыныч та бир бооруна соолубас мээримда турган... Мунөөзү атасын жазбай тарткан , эжеси жүзүнө тике карап ансайын жүдөттү.
– Келесоо десе ! Өз үйүмө келдим деп айтпайсыңбы !? Эмне башыңды ийесиң ,? Көтөр! Көтөр башыңды ! Эртерек аракет кылбайт белең ,мынча кеч , мынча кеч келдиң ? Апам байкуш саргайып күткөнүн билесиңби ? Акыркы күнүнө чейин, журөгү сокпой калгыча сени эстеп , сени күттүгө байкушум апам , сагынып ушул уйдөн жылбай умут кылды. Сенин көздөрүңө тоюп карап , Оо дүйнөгө армансыз кетмек! Атакеме сен жөнүндө кабар бермек . Апамдан да айрылдык ! Биз эми томолой жетим болдук . – деп ыйлады . Эжесинин башын кучактап , өзүн койорго жеп таппай өксүп , көкүрөк көөдөнү толуп ашып ыйга ,жарылып кетчуудөй болуп ,бул ааламга батпай турду...
Уч бир тууган ,бугун бирикти . Бөксөргөн журөктөру толуп , бири бирин кучактап бир бүтүн болушту.....
Саламатсыздарбы урматуу менин сүйүктүү окурмандарым! Ушуну менен Адашкан Тагдырлар атуу чыгармам да өз соңуна чыкты.. Көңүл коюп , күтүп окуганыңыздар үчүн терээң ыраазачылык билдирип кетемин.....
Бул чыгармамда туура жолунан адашкан Жандар болду. Азыркы учурда мындай тагдырлар абдан көп. Урматууларым, эч кимге мындай тагдырды ыраа көрбөймүн, кээ бир инсандарга, жаштарга сабак болсун. Эң кымбат бул үй бүлөө ! Баарыбыз өз сүйгөн инсандырыбыз менен бактылуу бололу!
Ар бир окурмандар өз ойлоруңуздарды калтырып кетүүңүздөрдү суранамын.
Сиздерди урматтоо менен Жаныл!!!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 47