5—болум...
Нуржамал Асылдын айткан бал созуно ишенди. Суйунуп эне болууну самап , журду...
Адатагыдай Абакка барган. Кузотчунун жанына барып, колоколой туруп калды.. Жузуно толуп, кулкусу чыгып калган. Ааламдын сулуулугуна суктана карап, сайраган чымчыктын уну да мукам дабыш угулуп жатты.. Абака кезеги келип, кирди. Асыл кутуп олтурган.
—— Кел , ыссыкта келбей эле койбопсунда —деди Асыл.
——Келдим да атабызды коргону. Эмне жакпадыбы?
——Жок, келгенинер жакшы, бирок менин уулум болобу же кызым болобу бул жерге келбеши керек. Мындай жерге такыр бут басып келбегин азыр менин баламды которуп журот экенсин . Акча керек болсо чакыруу жибер. Бир заматта болот. Каалаган нерсени кыл. Жакшы , ынгайлуу батир тап шаардан..
——Озум зеригип каламынго. Назима да турмушка чыгып жатат. Мен аны турмушка узатып коюп кайра келемин. Ооба мага акча керек.
——Этият бол. Озунду этият кыл. Ал жерде ботон эркектер болот, абайла бир жаман нерсе укпайын мен. Билесин кулагым жакшы угат , колум узун..
——Билемин.
——Бара бер. Керек болсон озум барып коруп келемин...
Нуржамал бир жагы ыраазы болуп кетти. Демек ата деген ушундай экен да. Тороло элек баласына кам коргонун айт. « Менин уулумбу , кызымбы мындай жерге келбеши керек »—деп койот. Ушул жерден пайда болуп жатканы менен иши жок.. Мен да бироонун алпештеген кызы элем. Коркутуп, уркутуп алып ушул жерге судуроп, мени да канча кордоду..
Ушул соз менен ойлонуп кетип жатты..
Назима жигити Нурбакытка турмушка чыгып жаткан. Алыскы Баткен деген шаардан эле. Назима озу Чуйдон. Ал эми Нурбакыт Баткен деген жерден болот..
Кечинде курбусун кутуп олтурган Нуржамал. Ангыча Назима кирип келди..
——Келдинби ?
——Ооба келдим. Апамдар кетишти.
—— Кандай болду анан суйлочу?
——Ээ десен. ! Баткенде той болбойт экен. Нурболоттун жакын достору ушул жерде анан чет мамлекетте иштеп, окуп журушот экен. Ушул жерде шаарда закска чыгабыз дейт. Аа апамдар кыз тойду Бишкекте откоруп беришет экен тууган уруктарга...
———Жакшы экен. Аябай жакшы..
——— Коркуп жатамын. Ал жакка барып, нике окутабыз дейт.. Эгер кыз чыкпай калсам эмне болот ал жерде салты каттуу кармашат экен. Кыз болбой тийип шерменде болсомчу ?
——Коркпо , эч нерседен . Сен оз калоон менен жатып берген жоксун. Бир зоокур сага кол салды. Намысынды тепседи. Ар бир адам бактылуу болууга тийиш. Айта турган да соз бар атйпай турган да бар. Эгер айтсан той бузулат. Ал тушунбойт. Азыр толтура андайлар. Эртен «частный клиникага» барабыз...
Эртеси Назима менен Нуржамал ээрчишип алып, шаар аралап жоноду. Жол жээктеп той койнокторун коргончо айтылган клиникага барышты. Кезек куткон адам ошончо. Кезек кутуп копко олтурушту. Ондон ашык жаш кыздар.. Бойдон алдырганы келгендер да ошончо турбайбы. Кезеги келгенде шашпай басып , кирип барышты.. Ак жуздуу дарыгер айым олтурган.
— Келгиле кыздар! Киминерди карайын? Эмне болду ?
——Келдик эже. Сизден кенеш алуу учун..
——Кош айткылачы?! Кулагым силерде.
Нуржамал куноолуу кишидей жер тиктеп, ойлуу турган Назиманы ымдап , жанына олтургузду ..
—— Эже ушул жерде кыздыкты кайра озундой кылып, тигип берет деп уктук эле.Кандай болот, акчасы канча?
——Болот. Тигебиз. Жыныстык кынын ,ичин пластикалык операция кылабыз.... Эмне чочуйсунар азыр кыздардын кобу эле тиктирип жатпайбы! Эмне болду эле, жигитине алданып калдынбы же дагы эмне ?
——— Эже бул кызды бир зоокур куч колдонуп зордоп койду. ! Ал дегенге болбойт эле. Озу азыр турмодо ! Ошого эч бир жан биле электе этегибизди жабалы деп келдик..
——Аа все девочки понятна! Сегиз минден, он минге чейин.... Гарантиясы бар. Срогу да созсуз болот, туру да бар. . . Эми мисалы жанны эле , аз убакыттын аралыгында кыздыгынды жоготуп алсан, аны бир кабат кылып тиксе болот . Себеби анда калдыктары калып кетет. Ал уч кун. Эгер кыздык белгинди жоготконуна коп болсо анда уч кабат тигуу керек. Ички органынды бири—бирине жабыштырып тигет.. Кобурок убакыт, талаптарды аткаруу керек.. Ал бир айга чейин. Билип калышат экен. Аны билип калыптыр — деп айтылган бул болбогон кеп . Аны эч ким билбейт . Дарыгер эле апараттары менен, ачып карап билип албаса эле. Ал болбогон соз ишенбеш керек...
Нуржамал менен Назима эко бирин—бири тиктешип олтуруп калышты.
——Анда бизге он минден дегени туура келди..
Келе беребиз да. Мындай кылсак деген элек.
Бишкекте закс болот . Тундосу кыз менин уйумдо тунойт. Ошол себептен тундосу тиктирсек кандай болот, акчасын толоп беребиз жакшы...
—— Аа эмне учун ,кундузу деле болотко.— деди дарыгер айым. Оз жумушун мыкты билген адис ..
——Эже кыз узатту той болот. Анан закс болот эч кол тийбейт экен. Куйо бала жанында журот. Эртен кетет деген куну мен алып келемин жаныма. Кийим кечесин , алатурган буюмдарын алып алсын деп. Ошол учурдан пайдалансак кандай десиз...
— — Эгер уч кунго эле десенер макул.. Кечинде тигип беребиз..... . Биз текшерип коруп айтабыз.. Кандай тигуу керек экендигин.. Жакшы уй —,булоо куруп кетуу учун биз ар дайым жардам беребиз... Ооба кеде ке бир адамдар ушул нерсени жок кылыш керек. Акмакчылык ! Акча учун тигип берип жатышат, атыш керек ! —деп айтышат. Бирок , бирок , алданып ыйлап калган , куч колдонуп зордоп койгон кыздар коп. Алар бир омур бир зокурдун кылган кылыгы учун бактысыз болууга акысы жок. Бактылуу болуусу керек! Ал эми кеде карап корсон акылсыз ,ообу жок кыздар да толтура. Бир жылда уч жолу тиктирип, эрге тийген кыз болду. Акыры жогол дедим ! Келбе мага , сен барган уйдогу апалардын каргышы мага да тийет жакында деп. Ал эми мектеп окуучуларычы бир жылда эки жуз кыз катталды кыздыгы жок экен. Бойдон алдыргандарычы эми кудай сактасын! Бир деке деп айтуудан коркомун мен да уул, менде да кыз бар. Бул менин ишим, мен кайсыл жерде болбосун аткарамын,... Макул кыздар бул менин визиткам, звандап тургула. Эсимен чыгып кетпесин келиштикпи ?
——Келиштик эже. Биз да коркуп жатканбыз ,эми эмне болот деп.. Жакшы болду бир жагы. Ырахмат сизге..
Нуржамал менен Назима экоо ээрчише басып чыгып кетишти...
Той да башталды. Назима жакын курбусу кылып, Нуржамалды алып журду.. Закс куну да куйо жанчы балдар Нуржамалга суктанып, соз атып тийишип , телефон номерин сурап, бийге тартып шаштысын алышты.. Озун абайлап , коп деле элге аралашпай журду.. Кундузу той койнок кийип, уналарда шаар аралап , айланышып, кооз жерде суротко тушуп , кечинде тарашты.. Бугун курбум , ата энем менен акыркы жолу туноюн , эртен нике окуганга чейин деген отунучун Нурбакыт жерге кага албады.. Унада алып келип таштап кетти..
Ошону эле кутуп турган Назима менен Нуржамал уйго кирбей анын кетишин пайлашты. Кетери менен баштыктарын уйго таштап, поликлиникага жоношту.. Айткандай эже да чыдамсыздык менен кутуп олтурган. Алып келген колундагы баштыгын кармата салышты. Эт боорсок, нан кант—кунтар болчу.. Назима кун бою ойлонуп, чыдамы кетип аран журду.. .. Назима кирип кетти. Коп убакыт отпой дарыгер эже чыкты.. Уна чакырып, артына жаткырып алып, Назиманы алып жоноду..
Уйго барганда бир кыйла озуно келди.. Эртенкиге чейин жакшы бол деп жаткырып уктатып койду...
Эртелеп келген унага Назима чыгып кетти. Коштошуп, жакын курбусун бакыт жолуна кузотуп, козуно жаш алып кала берди... Унанын айнегине жабышып, ыйлаган бойдон Назима кетти..
Сумсая басып, ээн калган болмосуно баш бакты.. Шуулдап эле калгандай туюлду. Ар бурчка барып, башын дубалга жолой ыйлап жатты.. Сагыныч ээлеп алган эле коодонун. Ата -энесин, бир туугандарын сагынган. Баруудан коркот . «Аа балким ала качып кетсечи ? Боюмда бар экенин сезип калсачы ,кандай кыламын ? Элге шерменде болом ! Атам байкуш куйуттон озун бир демке кылып койот —деген коркунучтуу ойлор менен алек болуп жатты.. Арадан бир жума отту..
Шаардын так ортосунан батир таап кочуп чыгып кетти.. Бир болмолуу. Ичинде бардык шарттары менен. Назима кеткенден бери аны кутуп, ойлонот. Телефон чалуудан коркот . «Аа балким жолдошу сезип калсачы?! Сен кылдын бут баарын »—деп асылсачы деген ойлор менен алышып журду...
Кундо сыртка чыгып, шаар айланып, каалаган нерсесин жеп журо берет. Конулу эмнени кааласа кылат. Бирок кечинде уйуно келгенде ээнсиреп , ыйлагысы келип, жалгыз сырап калат..
Телефон чукуп, коп кабаттуу уйдун астында олтурган. Жанына бою узуун, ак жумал татынакай кийинген кыз келди..
—— Нуржамал сенби ? —деди козун алайта карап.. Бир кашын ойдо которуп алган. Тусу , турганы эле башкача...
—— Сен кисмин ?
——Менби ? Мен Асылдын аялы болом, закондоштурулган. Качантан бери журосун , мейли менден эмне кетиптир деп тим койдум. Муженоктун моокумун кандырган бир канчыкта деп... Жактыбы , жыргатыбы ?! Колдон бай бербейин дегенсинго ээ кыштактык ! Эми бала кутуп жатыпсын.
——Ал мага аялым бар деп айткан эмес... Мен оз калоом менен барганым да жок..
—— Анан ? Башын жоктугунан алданып олтурасын. Сага окшоп мурду куюлуп ыйлаган кыздар толтура эле .. Ой ! Ой ! Ой ! Асыл эч кимге озу тууралуу маалымат бербейт.. ! Айрыкча сага окшош шлюхаларга!
—Мен андай эмесмин !
——Карочи баланды жок кыл. Ичиндеги жарык дуйного келбеш керек! Экинчи жолу келгенде башкача болот. Тиги арамга кошулуп сен да олосун. ! Асылга коп ишене бербе , мен турган жерде ал сага болуша албайт... ! Уктунбу ? Давай ойлон! Сага монот берем —деп басып кетти..
Асылдын аялы Сабина эле.
Колундагы телефонуна унулуп, Асылды издей баштады.. Чакыруу жиберип, анын алуусун кудайдан тилеп жатты..
——Алоо ! Алоо Асыл байке !
——Угуп жатамын. Кандайсын, эмне болду ?
——Асыл байке аялыныз бар беле , жаныма бир кыз келди аялы болом деп...
——Анан дагы эмне деди?
——Балан торолбошу керек деди. Жок кыл деп коркутуп кетти..
——Кач ! Алысырак ал таппаган жактарга кет. Мен да бул жактан карап олтурбаймын. Бирок озуно абдан аяр бол. Артындан адам койгонмун, козомолдоп журот. Корпо дегеним. Сабирадан алыс жур. Эгер дагы колуна тушсон соо койбойт. Мен жетип баргыча билбейм эмне болосун. Ошон учун алыс , эч ким тааныбаган жакта журуп тур. Ата—энендин уйуно кетесинби ?
——Мен кантип барамын ?! Кайсыл жузум менен ? Аялым жок деген эмес белен ? Мени алдап жургонсунго! —деди ыйлап...
——Мен сени жакшы батир таап, башка жакка чыгып кетип, тынч журуптур дегенмин. ! Сен эркиндиктесин, озундун, баландын жанын коргой алатырсын. Артындан адам койгонмун куну —туну сени андып, мага кабарын айтып журушот. Дагы эмне кутосун менден ! Менин баламды эле жарык дуйного эсен аман алып келсен утук сеники ! Силерди анан озум коргоп аламын. Азыр сенин боюнда бар экенин уккан кулактын баары мага бутун тосуп жатышат. Менин эн слабый жеримди таап алышып. Аман бол! —деп телефонду очурду....
Автор Жаныл Атабекова !
Улвндысы бар.......
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 16