7—болум..
Орду калын, акчалуу адамдар менен таанышып, ал кечеде жакшы олтурду. Акча дегенди шумдуктуу иштетишет турбайбы. Бир эле коньяк он минден ашык... . Мин сомду табуу учун эртеден кечке жук тушуруп, же базарда кечке арава туртсон жа эки жуз сом араан табасын.. Тим эле козу менен ымдап иш бутурушот. Булар элдин арасындагы мыктыларбы же аппактары айтор ким билет. Муруту майланышып , машырканып олтурушат...
—Кел менин колумдан алып кой, мен ар бир адамга суна бербеймин—деп Асылга ичирип бир кыйла мас кылып койду.. Асыл жокчулуктан тажады. Ушундай жашоону тандады... Акчанын кулу болбой, акчаны озунун кулу кылгысы келди...... Башы айланып, жанырган музыкадан, кылыктанып хихиликтеген кыздардан зоорго алырып сыртка чыкты... Тамеки чегип, торт баласы менен турган Аман Асылды желкесинен таптап, озунун балдарынын арасына алып келди..
——Менин кучтуулорум, эркектер ! Мына биздин топко дагы бир кучтуу адам келип кошулду. Эми калып кеткен иштерди баарын бутуробуз. Тазалайбыз ! Колубуз коко жетет.! Астыбызга эч бир топту чыгарбайбыз. Башын бийик которгондордун башын жулуп, майдалайбыз... Асыл мен сени бир коргондо биздин ,менин адамам экенинди билгенмин! —деди муштумун туюп ойдо которуп алып..
Асыл да башын которуп, оз кучуно ишентип чиренип алды... Албетте Асыл деп мактап жатканы майдай жагып турду... Кызуу кан мезгили. Чачын ал десе башы менен жулуп ала турган...
———Аман байке ! Тан агарып келе жатат. Мен барайын уйго бутпогон иштер бар эле...
—— Бар иним. Балдар Асылды таштап койгула. Асыл кечинде кел. Суйлошчу создор бар.
Уктап туруп, бул балага звандасан барып алып келет. Мен кайсыл жерде болсом да таап алып барат.....
——Макул байке !
Асыл мас бойдон уйуно жоноду. Бул жолкусунда жашоосун озу ондоп, баарынан оч аламын деп чечкен. Уйку корбой тан агарып кетсе да уулун кутуп олтурган Талайкан эшик ачылганда ойгонуп кетти.
——Асыл балам мынча эртелеп келгенсин? Мен чон атандын уйундо жатып калганго деп ойлоп калган экенмин..
Асыл апасынын унун укканда аябай ачууланып кетти. Ун катпай артын карады..
Ордунан туруп, Талайкан уулуна жакын басып келди.. Ичинен айяп турду..
——Асыл уулум кайрат кыл. ! Чон атан ыраматылык аябай жакшы , калыс адам эле. Мен да жакшы коруп сыйлачу элем... Каза болгону сага аябай каттуу капа кылган окшойт ээ балам.... !!
———Каттуу сыйлайт белениз, ошондуктан жат эркекти ээрчип , уйдон чыгып кеткен белениз. ? Атамдан аны артык коруп ! Эмне учун бизди ээрчитип чыккансыз , теги биз оз атабыздын балдарыбызбы же чон энем жаман коргондой аталарыбыз коппу?
———Эмне дейт? Ия ботом эмне деп жатасын?
Мени кара ? Асыл апанды антип куйгузбочу ?!
———Тартыныз колунузду ! Бугундон кийин мен учун жок адамсыз. Апа деп айткымда келбейт сизди ! Намыстанамын сиздей энем бар экендигинен !
——Акмак ! —деп жузуно жеген шапалактан жузу кызарып кети .. Жаагына жеген апасынын колунан ыйлаган жок. Апасынын журогун ооруткандан ыйлап жатты.. Ишенгени , апасы эле....
Шор этирип мурдун тартып , ——Акыркы жолу сураймын апа ! Чын эле сиз жат эркекти ээрчип уйдон чыгып кеткенсизби ?
——Ал мен учун жат эмес болчу ! Балам ук ! —деди уну каргылданып титиреп!
——Токтотунуз ! Актанбаныз , кеткенсизби создун кыскасы ?!.
——Ооба ! Кеткенмин.
Асыл башын бийик которуп ,жашын аарчыды...
——Апа бекер ,бекерр кылган экенсиз. ! Мени ошол уйго таштап коюп кетпепсиз. ! Атин , дуйнодо эн жакшы адам сиз элениз жанылышыпмын! Мен эми сиз учун жокмун. ... ! Кош болунуз! — деп уйдон баш алып чыгып кетти...
Аты жаман аялга айланган Талайкан окуруп ыйлап олтуруп калды...
Арткы болмодо уктап жаткан кызы Тансила ойгонуп кетип жугуруп чыкты.
——Апа , апа эмне болду , акем кана ?
——Акен кетти кызым. Акыры желмогуз чон энен ниетине жетти. Мени жаман атты кылып . Баламданда айрыды . Макул кетсе кетсин, озунун тагдырын озу тандасын, бирде башы ташка тийип, бирде жаанда калып, такшалат. Мени ошол кезде тушунот.
——Апа эмне болгон эле. Чын айтабай акем бир эркекти ээрчип чыгып кеткенсизби ?!.
——Ооба ошондой болгон. Сен да кет атана , ал окутат адам бол кызым. Мен ушул жерде олбой жашап турамын.
——Жок апа, сиз кандай жол тутпаныз мен сиз менен эле каламын. —деди жерди карап ыйлап жаткан апасыны жерден которуп...
Апасы ошол бойдон Асылды корбоду...
Асыл бут басып уйуно кайтып келбеди.. Амандын он колуна айланып, ар айдын он бешинде шаар айланып акча топтоп келет. Айдаганы кымбат баалуу автомобил. Ресторандан тамактанат. Кундо майрам. Кайда барбасын Амандын балдары деп жай бошотушуп, орун беришет. Оздорунчо банда болгон майда топтордун баарын талкалап, кучтуулорун оздоруно кошту.. Амандын каршысы абройлуу эки банданын да изин тазалашты... Кайда болбосун куч менен чечилуучу жумуштардын баарына Асылды алып барып чечип журчу.. Амандын балдары, Амандар деп Кыргыздын бардык булун бурчунуна аты тарады... Амандын да устунон устомдук кылып, башкарып турган биро бар болчу. Жамандык иштерин жашырып, артын тазалап турган...
Кечинде саат алтыдан он экиге чейин залда журушот. Он экиден тан агарып аткыча Амандын тунку клубунда анын астындагы жер толосундо ар жуманын ишенби кунундо отулуучу эрежесиз эр урушка киришет. Асыл да торт жолу тушуп, тортону тенип айтылган сумманы алып, озуно чакан базардан жай ачып алган... Соода сатык менен аралашып турат.
Турмушу бир аз жай алып ,баштаган кезде Асылдын эски иштери козголуп ,артынан кууп изилдеп жургон милиция кызматкерлери колго тушурду.. Жанны ачылган ресторандын кожоюнун коркутуп акча талапикылгандыкта айыпталып, шаар четинде мушташып, эки бала коз жумган ал иш боюнча да шектуу деп кармалып, Он тогуз жашында турмого биринчи жолу тушту... Акчанын жардамы менен , тааныштын кучу менен уч жылы бир жылга кыскартылды.
Талайкан ыйлап журуп, озунун эски дарты ырбап жургон. Уулунун камалганын угуп, тошоктон турбай калды.
Асыл алты ай абакта жаткан кезде , турмого келген Аман акча берип, уч кунго бошотуп алып чыгат. Ун созу жок, унага олтургузуп, апалары жашаган батирге алып келет...
Карлыгач жалгыз ыйлап олтруган эле.... Асыл эч нерсени суйлобосо да баарын тушунуп турду.... Тизелеп, жер чапчып ыйлаганы менен баары кеч эле.. Жакасына жабышып , чучуктай чынырган карындашын коруп, эми козу ачылды. Бирок абдан кеч эле... Апасыны кошуна колонду чакырып, Амандын балдары менен комуп келишти. Жалгыз карындашын, озу жашаган батирге алып, барып, тамак —ашын каржылап, колуна акча берип , кайра абака кетип жатканда Карлыгач акесинин колуна кат карматты. Апасынын акыркы каты эле... Ун катпай алып, чонтогуно салып, коюп, отоп жаткан абакка жоноду..
Тун бир оокум, апасынын жаш кезиндеги элесин эстеп, ыйлап жатты.. Оздору батирде турса да эч текеге акчасы жетпесе да аябай ынтымактуу эле. Бири—бтрине куюп, эстеп турчу. Апасы эртеден кечке иштеп нан таап келип, курсагын тойгузчу...
Мектеп жууйт эле. Кеде ээрчип алып барган Асыл апасына суу ташып берчу. Ал ар дайым эстейт. Кыш аябай суук эшик. Апасы муздак сууну эшиктен алып, келип, катып калган тряпкасын сууга салып, колу менен сыгып, жууп жатты... Асыл чакадагы суунун мыздактыгын коруп, кармай албай ушуйт. Апасынын колдору кызарып, кабарып, кетти жууп буткучокту. Ийилип калган белин колдору менен араан ойдо кылып, анан уулун ээрчитип, экинчи жумушуна барган. Ал жерде тогулгон картошканы тазалап, тазасын капка салып, жаманын топтоп керели кечке суукта бутуна туруп иштеген... Асыл коз жашын аарчып, чонтогундо буктолгон катты алды...
Салам кат! Салам уулум Асылым. Менин кара козум, атам, бир тууган агам, иним баарын ордун басуучу сенсин уулум. Менин жолок таянчым... Муноозун каттуу ,ожор баласын . Жанында ушундай бала болчусун. Тарынып калсан кайра жазуу онойго турбайт эле... Уулум тушунбостук болду. Мен сен ойлогондой эне эмесмин. Сидерди ак жууп, ак тарап остурдум.
Энем атам жаш кезимде каза болушкан. Мени атамдын алыскы туугандары багып алышты.. Окудум чонойдум. Кийинчерек атан менен тааныштым. Турмуш куруп, сени таптым, карынлашынды сага эрмек болсун деп.
Мен ал уйдо абдан кооп азап чектим. Чон энен колундагы таягы менен сабачу. Кышта кыркым чыга элек уйдон суйроп алып чыгып койчу. Силерди жетим кылбайын деп жашап журдум. Кийин атан мен бар туруп, экинчи аялын ичиндеги баласы менен уйго жетелеп алып келди... От болуп куюп жалын болуп жашап журдум. Мен кете алган жокмун. Бараар жерим жок. Ун чыгарбай ичимден ыйлап кызматын кылып журогонумдо мени баккан авамдын жалгыз уулу бир туугандай болгон агам келип алып кетти... Оорукчан эле опкосунон бир айга жетпей каза болду. Биз баракка эле эр катын болдук. Ал агамдын уйу жайы, жери бар мулкун мага тапшырып озу кете берди оо дуйного... Маны ошол адамды мага ойнош корушуп, уйуну таштап кетти деп айтканы чон энендин. Балам кечир ушул создорду эрте атпаганым учун. Ал кезде жаш элен.
Сени сыртындан андып коруп журдум. Караанынды коруп алып, кубанат элем. Уулум жакшы жур. Жакшы аламдарга кошул. Кош бол. Апанды кечир карындашынды абайла. Сага куйор жалгыз козун ошол болот...
Апасынын каты ушуну менен аяктаган эле..
Чындык.....!
Чыркыратып кеч билинди.. Абакта унун барынча бакырып, ыйлап жатты.. Жанындагы уктагандар ойгонуп, аары жактан кароолдо турган милиция кызматкерлери чууркап келишип,, колун кайрып мед айымды чакырып эс алуучу уколун берип , зорго уктатышты....
Абактан торт айдан кийин чыгып, кайра эле Амандын балдарына кошулду... Уч орт жылдан сон Амандын ордун озу эледи... Азыр абакта туруп алып баарын башкарат... Шаардагы менмин деп столун кучактаган атка минерлер, майлуу жерде иштегегенде да Асылга айына акча таштап турушат....
Каршы адамдар ошончо... Андып аярлуу жерин издеп гана журушот... Нуржамалды аялы Сабинадан башка дагы уч торт адам издеп жургон кез эле.....
Автор Жаныл Атабекова.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 20