Жашым алтымыш бештен өтүп калган, кемпирим экөөбүз отуз беш жыл өмүр сүрдүк. Кемпиримдин өлгөнүнө быйыл туура он жыл болду. Жети балам бар, төрт уул, үч кыз.
Баарысы жакшы иште иштешет, үйлүү-жайлуу, чоң балам кырк жашында бул дүйнөдөн өттү. Карыгандан баштап көп оорудум. Ар кайсы доктурга барып көрүнөм, бутум ооруйт, нервден деп эле жаткырып коюшат. Палатада жанымда жаткан аксакал киши жашы алтымыш жетиде экен, ал дагы башы ооруп жатыптыр. Анын аты Жоробай, эки уулу, бир кызы бар экен. Кемпири дүйнөдөн жаш кезинде эле өтүптүр, андан кийин такыр үйлөнбөптүр. Эки уулу күнүгө келишет, атасына башкача мээрим менен карашат. Балдары акыл эстүү тарбиялуу ыймандуу жигиттер, кызы да эки күндө бир келип турат, тез-тез чалып, атасынын ал-акыбалын сурап турат. Мына бүгүн кичине уулу келди, кирип эле баарыбызга:
- “Арыбаңыздар аталар, жакшы жатасыздарбы? Кудай сиздерге шыпаасын берсин”, - деп жылмайып амандашат, атасына келип көрүшөт, атасынын жүзүнөн өөп, колунан жыттап коёт.
Тамагын берет, массаж жасап колу-бутун ушалайт, бүгүн атасынын бутун самындап жууп тырмагын алды, кийимин которду, атасы каршылык кылып, "эки күн эле болду го алмаштырганыма, ботом тим эле койчу, келинди да убара кылып улам кир жуудуруп кыйнай бербей" - десе, баласы ага:
- Ата, өзү кир жуу да ишби, сиздин кириңизди жуубаса, анда мен аялды эмнеге алдым? - деп тамашалай күлөт.
Оорукананын узун коридорунда ары-бери жетелеп басат, андан келип жаткырып, ар кайсыны сүйлөшүп олтурат, атасы уктаса биздин идиш-табакты жууп келет. Биздин да колу-бутубузду укалап, массаж жасайт, ыракматыңды айтсаң: “Мага да бир ак бата берип коюңуз”,- деп турат.
Атасы турганда дарысын берип, тамагын ичирип, анан үйүнө кетет.
Эртеси чоң уулу келет. Анысы өтө шайыр, баарыбызды каткыртып күлдүрөт, палатага келип эле жаркылдап салам берет, атасына жетип эле:
- “Кубатым, күчүм, бейишим”, - деп кучактап эркелеп кетет.
Атасы каткырып эле:
- Ой, сен бир шумдуксуң, өзүң балалуу болуп калдың, анан дале мага эркелейсиң,- деп коёт.
Кызы келет, ал дагы атакелеп жаны тынбайт:
- “Атаке, эмне жегиңиз келет, эртеге жасап күйөө балаңыздан берип жиберейин, мени билесиз, үйдөгү кичине келинмин, күнүгө келе албай жатам, ата эмнеңиз кем, дары-дармек баары барбы, мен доктур менен сүйлөштум, эки-үч күндө чыгат деди”, - деп сүйлөп жатты.
Бул Жоробайдын эки уул, бир кызы болсо да күнүгө келишет, а менин алты балам бар, үч уул, үч кыз, доктурга жатканыма беш күн болгондо, бир уулум эки кызым менен келип кетишкен. Андан бери беш күн өттү, доктурда жатканыма он күн болду, бирок, дале эч кимиси жок, кийимим кирдеп тер боло түштү, кичине уулума чалып:
- Балам, менин кийимдеримди алып келип берчи айлайыйын, - дедим.
Ал:
- “Канттиңиз, дары-дармек эмне болуп жатат, тамак-ашың кантти?” - деп да сураган жок.
- Ата, иштен бошоп эле алып барам, - деп телефонду өчүрдү.
Балдарыма чындап капа болдум, үйдөн бир ысык тамак жасап келишпеди, келип кабар да алышпады, жадагалса чалып сураганга да жарыбады, оорудум десем эле кабактары түйүлүп:
- Сиз эле ооруй бересиз, чын же жалган экенин билбейбиз, - дешип сүйлөнүшөт. Баарынын минген унаалары бар, а мен доктурга көрүнгөнү өзүм басып, кыдырып эптеп жолду таап келем.
Эртеси кичине уулумду келет деп күттүм, бирок, анын ордуна жетинчи класста окуган небере балам келди, пакетке кийим алып келиптир. Кийимден башка эч нерсе жок, эч болбосо ысык атала да кылып бербептир, көзүмө жаш келди, өзүмдү кармай албай ыйладым, жанымда турган неберемдин турганын унутупмун, бир карасам ал таң кала тиктеп туруптур.
- Кийимди чечип берейин, алып кет. Апаң, жууп коёр, - дедим.
Ошондо киймимди чечейин деп колумду көтөрө албай кыйналдым. Жоробайдын кичине баласы алмаштырганга жардам берди, эскилиги жеткен кийимимди элдин алдында алмаштырып жатып, намысымдан шолоктоп ыйладым, эмнеге өз балдарым мага мындай суук мамиле жасашат деп өпкөм өпкөмө батпай ыйладым.
Көрсө, балага тарбия бергенде ниет, дуба кылганда, чоң иште иштесин, чоң депутат же аким болсун деп ниет кылбоо керек экен.
Көзүм карайлап, ата болуп туруп талаага ташталган иттин кейпин кийгенде түшүндүм. Карайлап бактым эле го, каректеринен айланып, кагылайын деп, өзүм кийбесем, ичпесем да, ушулар ичсинчи, кийсинчи деп жаным бердим эле го?! Эми минтип карыганда өзүм тилеп жаткан балдарымдын колунда кароосуз калып, турмуштун кордугун көрүп жатам. Карыганда, Кудайдан тилегенде балдарымды ынсаптуу, акыл эстүү күйүмдүү адамгерчиликтүү ата-эне кадырын билген адам болсун деп ниет кылуу керек экенин эми түшүндүм. Бирок, эми түшүнгөнүм менен өткөндү кайрып болбойт экен.
Интернеттен алынды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 56