Бирок үйгө келип, баягы сөздөр такыр оюнан кетпей койду, акыры "эксперимент" кылып көрүүнү чечти. Кечинде күйөөсү келип адаттагысындай эле тамак барбы деп бурк этти.
-ооба бар азыр даярдап дегенде эле оозунан сөзүн жулуп: тамакты сал, мен бутумду жууп чыгам деп жөнөгөндө аялы, бутуңузду мен жууп берейин деди. Күйөөсү аялын акырая карап, кайдагыны айтасың, бирде экиде жууп бергенсип, тамагыңды сал андан көрө деп жөнөп бергенде, мен бүгүн бир кабар уктум, аялдын бейиши да, тозогу да күйөөсү экен, эгер сиз менден нааразы болсоңуз мен бейишке кирбейт экем, суранам мени бейиштен айрыбаңыз дей салды.
Күйөөсү бир аз ойдонуп, макул жуусаң жуу өзүм да аябай чарчадым иште деп үстөлгө отура кетти. Аялы дароо чуркап барып чөөгүн менен дагараны алып келе калып, дыкаттык менен жууп кирди, жууп бүтүп сулгүнү алып келип аарчып да берди. Анан тамагын салып күйөөсүн чакырып экөө чай ичип олтурду. Кызыгы дуңкуюп отуруп үн - сөзсүз тамак жей турган күйөөсү бүгүн кобурап келечектеги пландары менен бөлүшүп жатты. Аялы буга кубанып жетине албай отурду. Эртеси эрте менен өмүрү жакшы отургула деп айтпаган күйөөсү, макул мен ишке барайын жакшы отургула деди. Келин маанайы жакшы үй иштерин жасап жатканда, түшкө жакын күйөөсү келип эле бир тал розаны аялына сунуп, кошунанын гүлүнөн уурдап келдим деп күлүп, кечинде гүлүңдөн үзүм деп айтып кечирим сурап коем деп, сен кийинип чыга кал, маяна алдым сага кийим кылалы деп шаштырып калды. Аялы бир сыйра нес болуп, бирок шашып жөнөп чыкты. Экөө кийим кылып, дүкөндөн чыгып ресторанга киришип, андан кийин сейил бакта балмуздак жеп кечке сейилдеп бир маалда үйгө келишти. Бир бут жууганы үчүн жолдошунун ушунча өзгөргөнүн көрүп келин таң калып, берки ушуларды сүйлөп отурган автобустагы аялдарга ыраазы да болуп кетти. Тообо, көрсө мен күйөөм мерез деп, ошого жараша эле мамиле кылып жүргөн экенмин да, көрсө жаманды да жакшы кылса болот экен да? Эми мындан ары күйөөмдүн бутун жууганды адатка айлантам деп, өзүнө сөз берип ойлонуп жатып уйкуга илешкен бойдон кете берди.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 32
Кара катын ак болот
Ынтымак үйдө сакталса
Качпай үйдө бак конот