---- Сагындым!....
--- Анда неге чалбадың алым сурап?!
Кабарымды албадың, барым сурап?!
...Сагындым деп бир ирет жазганыңда,
Келмекмин го, ыйга жүрбөй жаным чылап.
---Корктум....
--- Эмнеден?!....
---- Үн - сөзү жок жоопту береериңден,
Үмүттөрдүн үзүлгөнү себебинен.
Түшүп бүткөн жалбырак, өңдүү дарак,
Барлыгыңдан- жоктугуң сезеериң мен...
--- Келесиңби?!
---- Эми кеч.....
---- Неге жаным?!...
...Аңтарылып бүт дүйнөм күттүм эле,
Алоолонуп, өрттөнүп өзөгүмдөн,
Аралашып, алышып, алсыз жаным,
Акыр келип түңүлдүм өз-өзүмдөн...
Кайыштырып калган күн кабыргамды,
Муз катмары калыңдап, жарылбады.
Баратамын башкага жар аталып,
Талкан кылды тагдырдын жаргылчагы.
Баратамын өзгөнүн жары аталып,
Жулуп таштап жүрөгүмдү калыптагы...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 17
Сагынуудан озунду самап
Корсом деймин озунду гана
Сагындым го озунду жаман
Эл арасынан издей берем
Бирок кимди өзүм деле билбейм