Баягыда бир "кыйт" этсе ачууланып чыга келген күйпөлөк, өтө сабырсыз киши болуптур. Анын жары терсинче, байсалдуу, сабырдуу, акылдуу аял экен. Кишинин кыйын мүнөзүнө карабай, экөө бактылуу, ынтымактуу өмүр сүрөт. Күйөөлөрү менен тез таарынышып калган достору:
- Курбум, сенин күйөөңүн мүнөзү бизге маалым. Ошого карабастан эч урушпай-талашпай, ынтымакта өмүр сүргөнүңөрдүн сыры эмнеде? - деп сурашат.
Анда аялы:
- "Үйдөгү таарыныч, уруш-талашка өзүңөр күнөөлүсүңөр. Күйөөңөр саал ачуулана калса, силер ага жооп кайтарууга дайын турасыңар. Күйөөңөр а дегиче, "б,в,г,д" деп улап кетесиңер. Мен күйөөм ачууланып жатса, ал күнөөлүү болсо да үндөбөймүн. Ошол убакта Алладан анын жүрөгүнө сабыр менен мээримдүүлүк тилеймин. Менин үндөбөгөнүмү көрүп ал да сабырга келет. Биздин бактылуу болуубуздун сыры ушул гана, -"деп жооп берген экен...
Так что, кыздар, кээ-кээде үндөбөй койгонду да үйрөнөлү...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 28