11 - БӨЛҮМ
— Ааааа.... Ааааа
Үйүнүн ичин жаңырта таң атпай чыккан Лунаранын үнүн улам түнү менен унаасында отуруп, эми гана көзү уйкуга кеткен Белес чоочуй түшүп, үйгө жүгүрүп кирип барды.
— Эмне болуп кетти?
Оюнда бир жамандык боло түшкөндөй элеңдеп чуркап кирген Белек, өзү менен өэү кубана, сүйүнүчтөн секирип ойноп жатканын көрө койуп, өөхх шүгүр деп ала кайра бир азга тигилие, кыздын жылмаюусун карай саамга тура кетти.
Колунда кечее гана өзү чийген сүрөттү кучагына бекем кыса Лунара улам -улам сүрөттү карап алган.
— Мен өмүрүмдө, өмүрүмдө мындай кооз белекти алган эмес элем. Карачы кандай татынакай?.... Кандай кооз... Өзүң чийдиңби?
Лунара Белеке жетип бара суроо артынан суроо жаадырып кирди.
Белес аз гана жылмайып койо иий дегендей башын ийкей салды.
— Азаматым десе... Сен мыкты эле сүрөтчү турбайсынбы? Ушундай керемет талантты эмнеге катып жүрөсүн ия?
Аябай кооз тартыпсын... Же мен ушундай сулуумунбу я???
Жигитке тийише, колундагы сүрөттөгү өзүн бир карай, кылыктана тамашалаган кыз күлүп алды.
Жигит да жай жылмаюу менен адатанча башын ийкей, үнсүз уялганынан жер карай калды.
— Рахмат сага.
Лунара күтүүсүздөн кубанычын койнуна батыра албай, Белекти кучактап жиберди.
Кыздын ысык деми, Белекти куйкалап бараткандай, жүрөгү уйгу туйгу боло, чекесинен чыпылдап тер чыгып кетти.
Кыздын чачынан чыгып турган керемет жыты, жигиттин башын айландырып, башкача сезимге балкытып жиберген сыяктуу...
— Сен керемет жансын... Сен ушундай жакшы адамсын. Сен мыкты жигитсин.
Лунара ушуларды айтып алды да акырын жигитти карай күлө сүйлөдү.
— Жүрү мен сага чай койуп берем. Жүзү бетиңди жуу... Түнү менен уктадыңбы деги?
Белек иий дегендей адатынча башын ийкеди.
Өтө эле тартынчаак, өтө эле сөзү жок, үнсүз, түнт жигитти Лунара эмнеге мындай экенин жакшы түшүнөт. Ошол үчүн да колунун келишинче ачууга аракет кылып жатты.
— Каалайсынбы сени ошондой кооз жерге алып барам? Мен бир жерди билем... Укмуш кооз сүрөт тартасын. Көчөдө эле отуруп, элдер мындай талантты эч ким көрө элек болсо керек. Ушундай соонун көрүнүш уюштурабыз.
Белек адатынча макул дей жер карады.
— Белек мени кара?!
Белек башын өйдө көтөрүп, кызды карай салды.
— Эч нерседен тартынба! Бизге эч ким, -« жоок, жакпады, жаман экен » -деп, же мыскылдаса да эч качан башыңды жерге салып уялбашыбыз керек. Биз дагы адамбыз. Көңүлүбүз каалаган нерсени кыла алабыз. Бирок жакшы нерселерди. Бүткүл жер жүзү ушундай... Бир адамга жаксак, бир адамдарга жакпайбыз. Бул биздин жаратылыш. Ага таарынып, же андан уялып кереги жок. Бирөө сын, пикир айтса дагы, эч качан сына көрбө. Жаман азгырыктарга азгырыла көрбөшүбүз керек. Мына мисалы мен... Сени менен таанышканымдан бери, ушундай жакшы кыз боло баштадым. Менин бул өзгөрүүмө сен себепкер болуп жатасын.
Кыз ыраазы боло, жигитке жылмайып карай, акырын мурдунун учунан чымчып койду.
**************
Үйүнө чарчаңкы келген Сезим эмнегедир көңүлү жок! Эч нерсеге маанайы жок боло, шалдырай отура кетти. Аны көргөн Тинатин курбусунун абалынан чоочулай жанына жетип барды.
— Сезим?... Эмне болду сага курбужан?
Сезимдин оозунан сөзү түшүп эмне айтып, эмне койоорун билбей, тек гана ойлуу отура берди.
— Сыркоолоп калдыңбы эмне?...
Тинатин Сезимдин чекесине колун койо, ысытмасын текшерип алды.
— Жоок... Ысытмаң деле жок, эмне болуп кетти деги айтсаңчы?
Тинатин суроо үстүнө суроо жаадырып кирди.
— Билбейм Тинаш... Акыркы күндөрдөгү болуп өткөн окуялар, мени каттуу ойлонтуп, кыйнап жиберди окшойт бир аз.
Үч күнгө дем алыш алдым. Мээм чарчап кетти окшойт! Эс алгым келди.
Сезим араң ооз учун кыбырата салды.
—Ээхх айтпа! Кайран жап-жаш гүлдөй өмүрлөр кыйылды.
Тинатин азыр Сезим такыр башка нерсени ойлоп турганын байкаган да жок. Оюнда курбусу Амантурдун кызына күйүп жатат зеп ойлогон. Бирок Сезимдин ичинде эмнелер жатканын эч ким биле алган жок.
—Сезим жүрү барып бир чайынып чыксаң болоор экен жуунуп. Өзүңө келип калаар элең жакшыраак болуп эс алып. Бара гой, мэ карма сүлгүнү.
Курбусун ой боюна койбой эле алып кирип эшикти сыртынан жаап койду.
— Жуунуп чык андан соң бир аз ыссыгыраак чай ич дагы анан уктап эс ал. Билем сен кыз, оозуңа бир наар албасаң керек.
Жумушу, анын арасында тигиндей нерселер, курбусун чаалыктырып койгонун билип, өзү чай даярдап жатты.
Сууну чыгарып койо, ойлуу жуунучу бөлмөдө бүрүшүп отурган Сезим эмне кылып жатканын да билген жок. Оюна түркүн нерселер келип жатты.
— Балким айтсам бекен?... Милиция кабар берсемби? Же... Же Тинатинге айтсамбы?... Эгер Тинатинге айтсам... Же милицияга кабар берсем алар карабай койушсачы? Мени күнөөлүү деп айыпташсачы?...
Амантурдун кызынын бейитинин алдында чөгөлөп, башын жерге салып отурган абалы көз алдына тартыла түштү.
— Мен ал жигитти күнөөлүү дей албай турам. Эгерде ал ошондой зөөкүр болгондо мени тирүү коймок беле????
— Менин кыйкырыгым, үнүм эч жерге жетпеди. Үстүдөгү соттор, прокурор, жек ишчилер, мамлекеттик ишкерлер баары алар менен тили бирге. Алар эгер билишсе көзүмдү тазалашат, сени да тынч койбойт, андыктан сен да оозуңдан чыгара көрбө тирүү экенимди.
Амантурдун ушул сөздөрү кулагына жаңыра түштү.
— Эмне кылсам? Кызы үчүн туткун болгон ата болсо... Эмнеге алар көзүн тазалайын дешти? Эмнеге? Кылмыш ишин жаап салуу үчүнбү?
Сезим көпкө ойлуу отурду. Качан гана сырттан Тинатиндин үнү угулганда кана, өзүнө келди.
— Мына баратам!!!
***************
Араң жан, бутунун учтары менен басып, калтыраган колдору менен ичимдик ташып келе, тигилердин үстөлүнө койо салган Алинанын кыска көйнөгүн сыдыра караган жигит ичинен шилекейин жута тамшанып алды.
Карышкыр алдында титиреген козудай, калтырай түшкөн кыз тигигин сүрдүү көздөрү өзүн теше тиктеп турганын туя, андан бетер сүрдөй түштү.
Узун чачтары белинен ылдый түшө, жөн гана өрүп таштап алган болсо да, улам ылдый болгон сайын, зордук менен кийгизип койгон, тиги кыска көйнөгүнөн иңилген сайын, өзүнө ыңгайсыздык жаратып жатканына уялып кетти.
Улам сайын ага койбой, тиги алдында отурган жигит жалдырай, суктана тиктейт.
— Чооң рахмат.
Кыз колуна карматкан бокалды колуна кармаган тиги, кызга ыржая тиктеди.
Үнсүз башын ийкеген кыз эми артына бурула бергенде, билгенине шак кармай токтото салды тиги.
Кыздын жүрөгү оозуна кептеле корко түштү.
— Мен бошсуң дегеним жок окшойт! Бул жерге отура кой. Жанымда отуруп көңүлүмдү алаарсын балким?...
Тиги кызды өзүнө белинен имере тартып буркураган жытына мас болгондой, рахаттана жыттап алды.
— Бахх... Керемет не деген?...
Кыз тигинин оозунан чыккан, сасык жытка көөнү айный түшүп, араң дегенде өэүн кармай, үлбүрөгөн назик үнү менен араң үн катты.
— Мен... Мен жумушум бар.
Деген менен тиги койчуудай эмес.
— Эмне? Сенин жумушуң менден да артык бекен? Сен болгону бир көңүл ачуу үчүн пайдаланчуу тряпкасын билесинби я?
Тигинин заматта ачуусу бетине чыгып, жанагы жасалма өңү өзгөрө түштү.
— Мени кечириңиз... Мени кечириңиз...
Кыз колу менен жүзүн жаба, чыйпылыктай түштү. Сыягы уруп жиберет деп коркуп кетсе керек.
— Эмне? Билесиңби мен кечирүүм үчүн эмне кылуум керек?
Кызды ары -бери мышык, чычкан ойногондой колунан тарткылап ичке белине көз таштап алды.
— Чеч көйнөгүңдү!
Үнүн өктөм чыгарган тиги ачуулуу сүйлөп алды.
— Чеееч! Ансыз деле баары ачык көрүнүп турат. Кийип эмне кыласын? Кана биир өз көзүм менен көрүп тойойун...
Кыз коркконунан кайра эки колу менен көйнөгүн беките акырын жок дегендей энтиге башын чайкап жиберди.
— Эмне сен кыз?...
Ордунан атып турган тиги Алинаны жаак талаштыра чаап жиберди. Оозу мурдунан кан ага түшкөн Алина бүк түшө жерге жыгылды.
— Токто!
Артынан чыккан үндөн улам, тиги өзү чоочуй түшүп, эмне кылаар айласын таппай тура калды.
Шашыла жетип келген Рамис Алинаны бир карай, тиги зөөкүрдү бир карай, дал өзүн да муштуму менен бет талаштыра согуп алды.
Эч кандай каршылыгы жок туруп калган немени кайра-кайра уруп алды да, качан гана моокуму канган учурда, жакасынан өйдө кыла тартты.
— Сен ким болдуң, менин үйүмдөгү, мага тийешелүү кыздарга кол көтөрө тургандай?
Рамистин ачуулуу үнү чоң залдын баарын жаңырта чыкты.
— Мени кечириңиз! Башка кайталанбайт!
Бети башы жарылган тигинин үнү араңдан чыга кечирим сурап алды.
— Милиция кызматкеримин, мам кызматта иштейм деп кутурба сен бала. Сен бул жерде жаш кыздарга күч көрсөтөсүң, а тиги жакта Амантур тирүү жүрөт ээ?... Сен Амантурду мен өлтүр деген убакта колдон чыгарасын, кызын өлтүргөнүн айтасын акмак! Эмнени ойлодуң сен?
Рамиске баардык кылык жоруктары жеткенин билип турду.
— Амантур кызынын өлүгүн алып чыгып кетет, а сен болсо... Сен болсо менин кыздарыма күч көрсөтүп отурасын ээ?
Рамис ачуусун баса - албай тигини дагы жаак талаштыра тээп алды.
— Жок -жок ал өлгөнүн өз көзүм менен көрдүм. Ал өлгөн.
Оозу -мурду кан жайыла берген тиги, адатынча өз сөзүнө тура актанып алды.
— Ээ ошондой дечи? Демек мен азыр жалган айтып жатам ээ?
Рамистин ачуусуу тыйылаар эмес...
— Муну кара... Кайдан, жайдан болсо да же башын, же өзүн таап келесин... Болбосо дал өзүңдүн башың кетет!!! Эми болсо көзүмө көрүнбөй жогол!
Рамистин бир ооз сөзүнөн кийин жүгүрүп сыртка көздөй чыгып кеткен тиги, ачуусун баса албай унаасына отураары менен өгүздөй өкүрүп -өкүрүп алды.
— Сениби шашпа! Баары бир менден кутула албайсын. Сенин да бир күн дал ушундай териңди тескери сыйыра турчу күн келет. Азырынча мен сенин кол астыңда иштей турайын... Андан соң...
Эсине кылт эте Сезим түшүп кетти.
Бир билсе ошол билет деп ойлоп алды. Көз алдына, Сезимдин мукактана араң сүйлөгөн сөздөрү элестей түштү.
— Баарыңдын мычкымаңарды чыгарып, камырдай ийлебесем атымды башка койом. Айрыкча Рамис сени...
Жини менен унаасын жүргүзө, бети башын күзгүдөн карап да албай кайдадыр жөнөп баратты.
*******
Бутунда араң туруп бараткан Алинаны Рамистин үнү токтотту.
— Токто!
Алина артын карай берип адатынча жалтаңдай карап алды. Рамис кыздын абалын көрө аяп кетти.
Он алтыга толо элек жап жаш кыз. Ийнеликтей араң жан кыймылдап жүргөнү аз келгенсип мынтип тиги зөөкүрдөн токмок жегенине ичи ачыша түштү.
— Кел бул жерге отур!
Рамис диванда чалкалай отура жанын көрсөттү.
Алинанын башка аргасы жоктой. Аңгектен качсаң дөңгөккө дегендей эле экен деп, ичинен тагдырына нааразы боло аргасыздан акырын басып Барып отура кетти.
— Кемел, тиги дары салганды алып кел.
Рамистин мындай адаты кызды таң калтырып турду. Оюнда азыр мунусу да, аймалап, жулмалап, тийише баштайт деп ойлогон. Бирок андай болгон жок. Тескерисинче Рамис алып келген дары салгыч идиштин ичинен дарысын ала койуп, кыздын, тигинин соккусунан улам жарыла түшкөн маңдайына дары сүртүп жатканына аң- таң боло түштү.
— Башка мындай кийимде жүрбө. Муну да кийбей эле кой.
Кыздын кийимдерин сыдыра карап алган Рамис дагы бир жигитине буйрук берди.
—Дүкөндөн өзүнө жарашыктуу узун эле көйнөктөрдөн алып келгиле! Бутуна да. Мындан соң кызга эч ким жолобосун менин уруксаатымсыз.
Рамис кыздын чачтарын акырын сылап алып,көздөрүнөн чарчап турганын сезе койду.
— Бир аз барып уктап ал. Чарчапсын!
Ордунан дароо туруп кеткен Рамисти карай, Алина эмне дешин билбей узата карап кала берди.
*************
Амантур көпкө ойлуу жатты. Үйүн ичинен бекитип, ала жарыкты да күйгүзбөйт. Эч ким бул жерде жашынып жатканын билбеши керек. Туш тарабы курчалган кооз гүлбакчасы айлана тегеректе эмне болуп жатканын деле көп көрсөтө бербей далдоолоп турат. Жерге берген кызынын бейитинин жанынан кеткиси келбеди.
Эки күн алдын тазалап таңылган жарааты, бир аз ооруксунуп турганы бар.
Кийимдерин алмаштырып үстү башын тазалай, кеч киришин күттү. Эч кимге көрүнбөйт, сыртка да чыкпай, шыбыр этсе эки жагын элеңдей түшөт. Азырча жарааты жакшы болсо бир аз, андан соң сыртка чыгып тигилерге эсебин берүүгө камданып алды. Үйү астында жер төлөгө түшүп, өз алдынча,бир нерселер жасап киришип жатты.
Эски күндөрү эсине түшүп, тээ аскерге барган кезиндеги окуялар, андан түрдүү машыгууларды үйрөнгөнүн эстеди. Андан кийин эки-үч досторунун айынан, мам кызматтан куулуп, андан соң өз ара кеткендери бар. Жалданып иштеп жүрүп, Афганистандагы согушка барган күндөрү, ал жактан туткунда калган аялы менен таанышып, андан соң бул жакка алып келгени бери өз иштерин таштап салган. Тынч жашоону көздөгөн. Ошол себептен баарын таштап, аялы каза болгон соң шаардын сыртына жашоону чечип келгени эмес беле?... Багы жокко дагы жок дегендей... Мынтип кызынан айрылып калганына өзүн -өзү жеп, өзөгү өрттөнүп, кайра жанагы адатына кайтуу максаты эле.
Бир аз күн өзүнө келе жакшы болсо, бул үйдөн кетиши керек. Шаардагы эски жер тамынын жер төлөсүндө өткөн жашоодон калган эстеликтер өтө көп... Ал дегени куралдары, атайын өзүнө керектүү керек жабдыктарын сактап койгон. Ушуларды ойлой бир нерселер жасап, кеч киришин күтүп отура берди.
**********
Динара кыздын жанынан эмнегедир кете албай турду. Кечээ гана болгон окуя баарын дүрбөлөңгө түшүрүп, ал тургай, Динараны да ойго салып койгон. Ошол себептен да буту-колу тушалуу. Эч кайда барып, же чыгып кете албайт. Өз ишине так болгон үчүн гана тигилер эч нерсе кыла албай турганы чындык. Болбосо эчак эле Амантурдун кызындай өмүр менен коштошоору шексиз.
Жанындагы чогуу турган күзөтчүсүнө кызды дайындай койуп, өзү арыраак басып, шефине коңгуроо кыла койду.
— Угуп жатам?!
Ары жактао бир аздан соң күркүрөгөн жоон үн Динаранын коңгуроосуна жооп кыла угулду.
— Шеф бул мен Динара. Бул жакта кызыктай эле окуялар болуп жатат. Кыз бир аз өзүнө келип калды. Мени издеп табышса, өлтүрүп кетет деген коркуу бар кызда. Кыздын айтуусуна караганда абал чатак окшойт...
Анын үстүнө бул ооруканадагы кыз дагы кайтыш болгон соң, денеси бүтүн жоголду. Уурдап кетишти. Ошол себептен башка жерге жашырып турууга болобу кызды? Ошол тууралуу кеңешейин дегем.
Шефи бир аз ойлоно калып, кайра бурк эткен күн ары жактан тынчтыкты бузду.
— Макул! Мен бир жерди айтам ошол жерге алып келгиле. Болгону башка эч ким билбесин экөөң эле?!
Жанындагы шериги экөөнү айтып жатканын дароо түшүнгөн Динара кубана түшүп, макул деп жибере коңгуроону өчүрө койду.
Динара оорукананын жетекчисинен жообун сурай, кызды башка ооруканага которуусун айтып, акырын чыгып кетишти.
Эмнегедир кетип жаткан шериги такыр башкача абалда көрүнүп, Динара сүйлөсө да, жалтактай көздөрүн ала качып, эмненидир жашырып жаткандай сезиле түштү.
Динара чын эле алтынчы туюму алдаган жок эле. Шефинен келген кабар...
— Динараны алып, ага үлгүртпөй, өзүң экөөнүн тең көзүн тазала, же мен жөнөткөн жигиттерди күт деген.
Жеңил унаа башка ээн көчөгө бурула бергенде, шефинин сөзүн эстей түшкөн жигит акырын Динараны бир карай, кызды бир карай, унаанын отургучуна бекиткен куралды кармалап алды.
Оюнда ордунда тура бекен деген ой келсе керек. Ыңгайы келсе, экөөнү тең жайлап салып кетүү турду. Бирок кыраакы Динара мунун баарын билип турду.
— Баары жакшыбы?
Динара акырын сурап, тамырын тартып көргүсү келди.
— Ооба! Эмнеге сурадың?
— Жөн гана. Эмнегедир кыжалатсынбы.... бир нерседен 'жанатан чочулагандай түрүң бар.
Жигиттин чекеси тердей түштү.
— Демек таптым.
Ичинен Динара ушуну ойлоп алды. Жол ката экөө бири бири менен сырдуу тиктешип кетип баратышты.
Аркадагы кыз дагы коркконунан үнү чыкпай, эки көзү алаят.
Ортодо жымжырттык. Тек гана саат жебеси чыкылдайт.
— Колуңду көтөр!
Бир убакта дароо токтогон унаада Динара да, шериги да экөө тең бири -бирне курал кезей тиктеше түшүштү.
— Динара мындай кылба! Акмак болбо. Аз убактан соң, жигиттер келет, баары бир кызды алып кетишет.
— Сени жайлоого үлгүрөм.
Динара жоопту дароо бере койду.
— Мындай деп ойлогон эмесмин сени. Ишенгенмин сага!
Жигитти бир караган Динара ачуулуу, ары жийиркеничтүү сүйлөп алды.
—Менде башка айла жок!
Тиги да курал кезеген абалында сүйлөп алды.
— Ал жөн гана шылтоо! Айла ар качан табылат! Сео коркоксун болгону ошол! Кыз мени менен кетет!
Динара үнүн өктөм чыгара, аркы жакта эмне кылаар алапайын таппай элейип жкөөнү тиктеген кызга жигиттен көзүн албаган тейде сүйлөдү.
— Эшикти ачып, акырын менин жаныма кел.
Кыз Динаранын айтканын жасап, жанына барды.
— Өкүнөсүн Динара! Алар сени кошо көзүңдү тазалайт!
— Мен сендей коркок эмесмин! Курал кезегим келбейт сага унаадан түш!
Экөө атыша кетсе жигит өлүп калаарын билип турду. Анткени Динаранын көзгө атаар мерген, андан да эң ыкчам, шамдагай экенин билмп турду. Колундагы куралын шарак таштаган жигит, эки колун көтөрө Динарага кайрылды.
— Сага акыркы сыйым ушул менен бүттү. Биздин жолдор эми башка. Кийинкисинде жолукпа!
Жигит унаадан түшө калды.
— Сен да кийинкисинде жолукпа! Анда сени бүгүнкүдөй тирүү калтырбайм!
Динара рульга отура кызды жанына отургузду да, дароо унаасын айдап зуу койду.
Экөөнү узата караган жигит, куралын колуна ала, өзүнүн бутуна өзү ок чыгара, ач аюудай бакырып алды да, шефине коңгуроо чалды.
— Ишти бүтүрдүңбү?
— Жок шеф! Анын кандай экенин билесиз, менин бутумду жарадар кыла, кызды алып качып кетти.
Тиги шеф унчукпастсн өчүрө чалды. Бутунун оорусуна карабай жигит жаны тынч ала түшкөндөй дароо өңү өзгөрүлө түшүп, өзүнчө сүйлөнүп алды.
— Эми ким экениңди сынап туралы четте!
*************
Уландысы бар...
Айзирек Бектенова
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1