13 - БӨЛҮМ
Негедир үйгө карай шашкан Сезимдин жүрөгүн коркунуч ээлеп турду. Тинатинге айтпаганы менен, эки жагын элеңдей карап алып, артынан бирөө ээрчип жүргөн сыяктуу сезилип жатты.
— Эмнеге мени сурашты экен? Алар ким? Эмне үчүн мен керек болдум?
Ойлору туш тарапка чачырай,башында! Суроо көп, бирок жообу жоктой...
Эмне кылсам экен?
Өзүнө өзү суроо бере бирок чачыранды ойлорун жыйууга алы келбей түйшөлө берди.
Үйгө дагы бат эле жете келишти да, шашыла үйгө кирип кетти. Тинатин, артынан бирөө кууп келе жаткандай шашкан кызды таңыркай карап, эки жагын каранып алды да, Сезимдин артынан кире сала, дароо сөзгө такады.
— Сезим кел мындай отурчу?! Экөөбүз сүйлөшөлү.
Сезим үстүнкү кийимин чечип, илип жатып эч нерсе билдирбешке аракет кылганы менен жүзүндөгү коркунуч баарын айтып турган сыяктуу эле.
— Мени жоошутуу үчүн алдоого урунба курбум. Мен баарын билип турам, сезип турам, бирок себебин түшүнө албай койдум.
Эмнеге? Сенин абалың мындай болуп жатат? Кимдир бирөөдөн корккон сыяктуу, бат -баттан кирдиң үйгө. Канча күндөн бери каттуу ойдосун. Эмне болуп жатат сага? Кимдир бирөөлөр тынчтык бербей жүрүүдөбү? Мен көздөрүңдөн канча күндөн бери байкап жүрөм. Бирок... Сен айтпаганың үчүн, унчукпаганың үчүн эч нерсе дей албай койдум. Мага айт!
Тинатин эми анык жарга такай сүйлөдү.
— Эгер бирөө тынчтык бербей жаткан болсо, барып, тиешелүү жерлерге кайрылуубуз керек. Башында ойлогон элем, сенин абалыңдын начарлашын кичинекей кыз каза болуп калганыңа байланычтуу деп. Бирок мен андан да башка нерсе сезип жаткандаймын... Ойлорум туура ээ, менин шекшүүм жөн эмес, ушундайбы???
Тинатин кызды сынай карады. Канчалык жашырайын десе да, кыраакы курбусу баарын сырттан сезип койгону анык эле. Сөз таба албай мукактана түштү. Азыр ичиндеги жашыруун сырын айтса эле, сырттан бирөө аңдып тургандай, же курбусуна зыян тие тургандай сезилип, Амантурдун менин үнүм эч кайда жеткен жок дегени кулагына жаңыра түшүп, кайра тынчсызданып, ордунан туруп, ары-бери басып алды.
— Мени кечир. Бирок айта албайм! Бул нерсе сага да зыянын тийгизүүсүнөн корком.
Сезимдин бул сөэү анык эле, өзү ойлогондон да кооптуу экенин сезип жатты Тинатин.
Ортону үнсүздүк каптай бир азга жымжырт боло түштү.
Тинатин канчалык аракет кылса да, Сезимдин өктөм чыккан сөзү баары айтып койгон сыяктуу сезиле бир аз кыйнап, суракка албай койууну чечип, ары жактагы дубалда илинүү турган сыналгыны жандыра койду.
Экөө үнсүз отура кетти. Болгону сыналгынын үнү гана жаңырып жатты.
Сезим да Тинатинди капа кылып алдым окшойт дегендей ойлоп алды.
Бир убакта теледен чыккан кабар, Сезимди да, Тинатинди да көңүлүн өзүнө карай бурду.
— Кечее кечинде ооруканадан башка ооруканага көчүрүү максатында, жашы жете элек, жаш кызды алып уурдап качып кеткен Медерова Динара изделүүдө. Жанында он алты, жаштагы кыз бар. Качууга урунган учурда, атышуу болуп, анын себебинен, жанындагы шериги бутунан жардар алган.
Эгерде бул айымды көргөндөр болсо, кооптуу экенин, жана дагы, тиешелүү жайларга кабар берүүсүн суранабыз.
Кабарчы кыздын ушундай жарыясы экөөнү тең элейте оозун ачырды.
— Бул аял ошол аялбы???.... Кароолчу болуп отурган?
Тинатин Сезимге суроолуу карады.
— Ооба...
Кыз сыналгыдан көзүн албаган тейде башын ийкеди.
— Болушу мүмкүн эмес... Бул аял өзү таап, куткарып калган кызды кантип эле кайра уурдап кетсин? Бул жерде бир иш бар. Ал кызды жашыруу максатында бекен же?
Өзү таап, өзү жанынан чыкпай коргоп, эшигин кайтарып отурган аял... Мындай кылат деп ишенбей жатам.
Кабарчы кыздын аял тууралуу айтылган маалыматына Сезим таптакыр ишенээр эмес.
Амантурдун ошондогу айткан сөздөрү дагы бир ирет так, даана чыгып жатканына ишенип алды.
Колдору эмнегедир калтырап чыкты. Өзүн баса албай, коркуу сезим денесин каптап, титиретип жиберип, ал тургай катуу ойдон улам, башы чыңалып ооруп чыкты. Ары көздөй барып ашканадан суу ичүүгө барайын деди, бирок өзүн кармана албай, кулап калчуудай болуп, дубалга сүйөнө калды.
— Сезим?...
Ордунан атып тура калган курбусу жанына жетип бара койду.
Кел мындай отурчу, эмне болду башың айланып кеттиби?
Курбусун сүйөп келе, диванга отургуза койду да, өзү барып суу көтөрүп келип жуткура салды.
— Сезим мындайда өзүңдү кыйнап койосун. Ооруп калышың ыктымал. Эмнеге өзүңдү карабайсын сен кыз? Илбийип арыктап да кеттиң.
Тинатин курбусуна таарына сүйлөп алды.
— Мени кечир! Канчалык аракет кылбайын, сенин ичиңдеги кыйнаган, түйшөлткөн ойлорду биле албай жатканыма каттуу уялуудамын. Экөөбүз бирге бала кезден айткан элек.
Бирге чечебиз баарын, жашырбайбыз деп.
Бирок азыр мен сенин ичиңде эмне болуп, эмне сени мынчалык кыйнап жатканын түшүнүүгө алым жетпей жатат?
Тинатин өйдө тура, ары -бери басып алды.
Ойлуу отурган СезимДен болсо үн чыкпас...
Бир убакта Сезимдин үнү ортодогу жымжырттыкты буза салды.
— Тинатин?
Амантур тирүү экен...
Сезимдин азыркы айтып жаткан сөзүнө Тинатин түшүнүп, түшүнө албай, курбусу эмне деп жатканын билбей таң кала, ордунда тык токтоду.
— Эмне? Эмне дейсин?...
Кайра суроосун кайталай сурады. Оюнда туура эмес, жаңылыш уктум дегендей болгон.
— Амантур тирүү экен. Ошол күнү кызын да өзү алып кетти. Мен силерге кескилетип койбоймун, жок дегенде денесин өзүм көмөйүн деди.
Тинатиндин кулагына бирөө кирсе, бирөө кирбей жаткан сыяктуу, азыр айтып отурган курбусунун сөзү баарына ишене албай элейе отура калган Тинатин эмне дешин айта-албай түйшөлө түштү.
— Анан?... Сен муну кайдан билесин баарын?
Сезим ойлуу бир чекитти тиктеген абалында кайра сөзүн баштай...
— Мени ошол күнү барымтага алды.
Дары дармектерди даярдоочу бөлмөдө жүргөм түнкү саат канча экенин билбейм, баары уйкуда эле. Эки эңгезердей кароолчу жигиттерди эсин оодара жыгыткан Амантурга мен эмне болуп калыпмын. Баарын алдындан ойлонуштурган экен. Биринчи убакта эле күзөтчүү камерларды да өчүрүп салган экен. Мага курал такады. Андан соң жараткат алган колун дарылатты. Кийин кызын көрсөтүүсүн каалады. Алып кирдим кызын көтөрүп алып, мени кошо күч менен алып кетти.
— Кийин? Кызын кайда алып барды эмне болду кийин? Сага тийгени жокпу катуу?
Тинатин курбусунун жанына отура кетип, көэдөрүнө сурололуу карай салды.
— Үйүнө! Өз, мурунку жашаган үйүнө алып барды да, гүл бакчасынын арасына түн ката көөмп койду. Мага тийгени жок! Кайра тескерисинче курал кезеп, коркутуп алганы үчүн менден кечирим сурады. Болгонун баарын айтып берди.
Көрсө кызынын өмүрү үчүн, жашап кетүүсү үчүн баарына мажбур болуп, чындыкты эч кимге айтпоого тырышканы да ошондон экен эле.
— « Мага келген бир гана укук коргоочуу айымды билгендери үчүн, менин кызымдын жанымдын кыйышты, баарын өз мойундарына ала, кыздын тамырына кандай дары куйгандарына чейин айтып беришкен.Менин үнүм, кыйкырыгым эч кимге жеткен жок! Ал тургай, түрмөнүн башчысы өзү мага ошол, баш кесерлер менен байланыштырып турду. Мен канча урунбайын сотунан өйдө сатылып кеткенинен улам, мага акыйкат жок экенинен улам, мен ушундай абалга түштүм. Азыр ушундай качып кетип тирүү калдым. Сотум болоор күнү мени өлтүрүүдөн алдын алар ушул нерсени, мойундарына алышты.
Кызымды катуу кыйнап зордогон адам тирүү экенин жана, иштин баары жабылып, ооз басты болуу үчүн жөн гана байкуш бирөөгө салып берип, анын кийин көзүн тазалагандарын билдим. Менин кызыма кароолчу болгон милиция кызматкери, кызымды дал өзү кордоп, зордогонун, андан соң ичке тамырына эмне дары куйганын айтты.
Сен мен тууралуу бүт жерлерге кайрыл, айт, бирок алар баары бир менин көзүмдү тазалоодон башканы ойлобойт. Аман эсен калуумдун зыяны чоң. Ошол себептен мени жок кылышка урунушат.
Милиция кайрыл. Сени угушу мүмкүн, калп айтып ии табабыз деши да мүмкүн. Бирок артыңдан эле кайра өзүңө кол салышат. Өзүңдүн көзүңдү тазалоого аракет жасашат.
Алардын эч бирине ишенбе да, айтпа да. »
— Ал мага ушундай деди.
Сезим Тинатинге ичиндеги болгондун баарын, Амантурдун сөздөрүн, эч жерине, алып -кошпой айтып жатты.
— Тентек кыз. Ошончо нерсени билесин, эмнеге айтпайсын? Эмнеге баарын катып жүрөсүн ичиңе я? Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт билесинби?
Тинатин чыдамы кетти. Ордунан тура калып курбусун урушуп кирди.
— Сенин азыркы кылып жаткан нерсең, мыйзамга каршы. Сен кылмышкерди жашырууда колуң бар деп айыпталып кетсең эмне болот? Түү менен барымтага алат экен, анан айтат экен баарын ээ? Эч нерсн кылган жокпу? Коркутуу үркүтүү? Балким ошол себептен айтпай жаткан чыгаарсын?
Тинатин ачуусун баса албай, ары -бери адатынча басып жүрдү.
— Мен корктум айтышка. Эмне дейм? Чырпыктай наристенин өлүмүнө колу бар кароолчу, мени жалдырай карап, сурак астына алып жатса, мен кантип айтам? Ошончо нерсени билип туруп. Жанында коргоочу биз ишенген милиция, атагы бар, белгиси бар. Элди, жерди ушундай көйгөйдөн коргойм деген адамдар ушундай жасап жатса, көз алдыңда. Анан кантип айтам?... Өэүм да айттым го тамырына дары куюлган деп сага?. Анан кайра атасын кантип салып берем? —Ооба мен билем дейминби? Эмне деп айтам?
Сезим да ачуусун жашыра албай экөө уруша кетишти. Бир четинен алып караганда Сезимди да түшүнсө болот.
— Кечее кесиптеш кыз айтты. Үйдүн, дарегинен өйдө сурап бирөө келиптир. Жумушка качан чыгуумду, отурган иш бөлмөдөн өйдө сураптыр. Азыр бул аялды көрүп, айтканы эсиме түштү. Негедир шекшүү карап, жек көрчүү ошол күзөтчү кесиптешин. Балким ким билет? Бул кызды да көзүн тазалоо үчүн ушундай жолго барышканын. Балким мени да жөн сурабаган чыгаар? Балким?...
Сезимдин көзүнө жаш келе түштү. Өзү ошондой назик, бирок башында ушунча түйшүгү турган Сезимди курбусу аяп кетти. Аэыр эмне деп айта албай сөзүн токтото салганын да түшүнүп турду. Ачуулуу сүйлөп алганына, өзүнө-өзү жинденип алды да, жанына барып отура курбусун бекем кучактап алды.
Сезим да ушуну эле күткөн сыяктуу курбусун кучактай буркурап ыйлап жиберди.
— Болду... Болду, өзүңдү бас. Баарын чечебиз. Баары жакшы болот. Сен кыжалат болбо. Катуу айтканым үчүн кечирим сурайм сенден. Мен сени жоготуп алуудан корком. Жалгыэ гана сенсин, менин эжем да, курбум да, сиңдим, сырдашым баары сенсин.
Сезимдин чачынан сылап алып, сооротууга аракет кылып жатты.
— Мен дагы, мен да сага зыяным тийүүсүнөн корком Тинаш. Ошол үчүн баарын айтканым жок! Амантурдун айтканы чындык болбосо мени ким издеп келмек? неге?
Тинатин да ойлоно түштү.
— Акмак кыз десе. Мени ойлоп, өзүңдү отко, чокко урайын дедиңби? Мен жалгыз курбумдан ажырап эмне болом? Баарын бирге чечебиз. Макул эч кимге айтпайбыз. Бирок... Бирок бул үйдөн башка тарапка кетүүбүз керек анда. Алар эмне кылып жатканын жакшы билишет, жана, эртең же аркы күнү сөзсүз түрдө үйдүн дарегин билишет. Бир орунда туруунун түк пайдасы жок! Жумуштан чыгууң керек!
Тинатин кызды соорото, өзү да ойго чөмүлө түштү.
***************
—Атаке чакырган белеңиз?
Эшиктен кирген Рамис атасын бир карай, шыпылдап тура калды.
—Ооба чакырдым. Билейин дегем иштер кандай жүрүүдө? Эмне болуп жатат? Тиги кытай кеттиби кыздарын алып?
Креслодо чалкалай отурган атасы Рамис киреери менен суроо артынан суроо узатты.
—Ооба ата кетти! Ооба мунусунда он -бир кызды кетирдик. Алып кеттик. Эми кийинки айга дагы даярдообуз керек.
Рамис баарын ачык айтып, атасынын ишине маашырлангандай сүйлөп алды.
—Аа жакшы! Жакшы уулум. А бул жаңылык тууралуу эмне дейсин?
Сыналгысын жандыра жанатан сайрап жаткан кабарчы кыздын Динара айым тууралуу айтып жатканын угуза койду. Элейе түшкөн Рамис канчалык билдирбейин десе да, атасына баары бир жетип калганын билип, чоочуй түшүп, акырын жанындагы атасынын эң ишенимдүү адамын көз кыры менен жекире тиктеди.
—Б-б- бул... Бул айымды издештирип жатабыз ата. Азырча майнап чыга элек.
Атасы шашпай уулун башына, төмөн карай сыдыра тиктеди.
—Мага тиги жигитти чакыр!
Шашпай сүйлөп, жанындагы коргоочу жигитке кайрыла, анысы дароо ары жактан жетелей, Динаранын кесиптешин ээрчитип кирди.
— Кандай кабар бар? Бул айымды таптыңбы?
Киреери менен тигини сөздөн ала жарга такаган киши, улам Рамисти, улам, тигини бир карады.
—Жжжоок азырча издештирип жатабыз!
Сөзү бүтпөй жатып, атасынын куралы тиги жигиттин мээсин чачырата атып,анысы жерге күп эте Рамистин бут алдына кулады.
Жүрөгү оозуна кептеле түшкөн Рамис,атасы тамашалап жаткан жок экенин билип турган.
—Көрдүңбү?-дегендей куралын аарчып жатып элеңдей түшкөн Рамисти сынай карап алган атасы бурк этти.
—Катага жол жок!!! Эгер ушундай кемтик кетиришсе жазаы оор! Баарынын. Эми жигиттерге айт! Бул экөөнү тең таап, көзүн тазалашсын! Болбосо кандай жаза күтөөрүн айт! Барышың мүмкүн!
—Муну алып кеткиле!
Рамисти чыгарып жибере, жерде сулап жаткан тигинин денесин бут учу менен тээп жиберип, кайра чалкалай отура кетти.
Жигиттерин топтой бир чоң залга топтогон Рамис баарына эми Динара менен кызга издөө салууну жарыялады.
— Шаардын, айыл, булуң бурч баардык тарабын издегиле. Ким менен тааныш, үйү-жайы кайда ал жакта жокпу, курбу дос, бүтүн баарын издештирип, экөөнүн көзүн тазаламай сайын келүү жок! Уктуңар ээ?
Баштарын бирдей ийип, таазим көрсөтө калган тигилер Рамистин артынан чубалжый ээрчий чыгышып, ар кимиси ар тарапка издөө салып жөнөп кетишти.
*********
Өзүнчө кыңылдай ырдап, маанайы жакшы боло, үй жайын тазалап жүргөн Лунара терезеден өзүн карай күлүп тиктеп турган Белести көрө койо, жылмайып сыртты көздөй чыкты.
—Эмне турасын? Эмне болду? Ичкери кир!
Барып жылуу маанайда Белести карай, адатынча суроолорун жаадырып кирди.
Белес адатынча үн каткан жок!
—Хмм кирбейт окшойсун? Мейли анда! Каалайсынбы бир жерге барып келебиз? Сен кооз жерлерди көргүң келеби?
Белести сөзгө тартып, болушунча көңүлүн ачууга аракет кылып жатты.
Белес да каршылык көрсөткөн жок! Башын ийкеген замат, Лунара кубанып алып, үстүнө кийинип чыга, Белестин унаасына отура кетти.
—Бүгүн унааңды мен айдайм!
Белес каршылык көрсөткөн жок. Жанына барып отура калды.
—Анда кеттик! Мени билесин ээ катуу айдайм, андыктан эмне?...
Тамашалай сүйлөгөн кыз Белести караар замат, түшүнгөндөй коргоочу кемерин бекем кадап отура калды Белес.
—Кеттик!
Экөө шаар кыдыра жүрүп, Белести бир жерге алып келди. Эл кыйма- чийме. Кооз шаар ичиндеги көрүнүштөр түркүн түскө боёлуп, адамдын көңүлүн көтөрүп турган.
— Жүрү-жүиү келсең?!
Лунара Белести жетелей адамдарды аралап өтүп, бир жерге отургуза койду.
—Азыр талантыңды сынап көрөбүз!
— Кооз сүрөт тартабыз... Кооз сүрөтүңүздү түшүрүп беребиз...
Лунара эки жакты карай үн салып кыйкырып алды.
Белес таң кала түшүп, кайра бырс күлүп жиберди.
—Ооба.. Ананчы? Таң калып эмне? Бул жанагы Лунара эмеспи?!
Бирок Лунара чын эле үн салыр бир эки кыйкырган учурда эле өзүнүн сүрөтүн тарттырууга кызыктар жандар отура кетишти.
—Ме! Бул сага! Өзүңдү өзүң сынап көр! Тартынба эч качан.
Лунара Белеске калем сабы менен ак барагын бере койду.
—Мен сага ишенем! Сенин колуңдан келет...
Кыз толкундануу менен жигитке карай сүйлөп алды. Ушул сөз эле эч качан Белеске жетпегендей. Ушул үндөө, ишеним болбогондой. Белес кыздын сөздөрүнөн кадимкидей күч алгандай, калем сабын колуна кармай, алдында отурган аялды чиймелеп сүрөтүн тартып баштады.
Уландысы бар...
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1