12 - БӨЛҮМ
Күүгүм кеч! Сезим ойлуу отурду. Бир чекитти тиктеген тейде, өзү менен өзү алышып, башындагы чиедей чубалган ойлордун түйүнүн чече албай, эмне кылуусун биле албай аргасы кетип жатты.
— Эмне кылсам? Тинатинге айтсамбы? Эгер айтсам, курбумду да, бир жаман абалга абалга таштап койуум анык.
Акырын көз кыры менен ары жакта өзүнүн иштери менен бир нерселер менен алектенип жүргөн Тинатинди карап алды. Эч кимге эч нерсе айтпай жүрө берүүнү жөн көрдү.
— Балким убактысы келгенде билишеер.
Ушундай ой менен өзүн -өзү сооротуп жатты.
Бир убакта ары жактан чыккан Тинатиндин үнү ойлорун туш тарапка чачыратып жиберди.
— Сезим, баары жакшыбы сенде?
Сезим жанатан өзүнө көз салып тиктеп турган Тинатинди көрө жалтана түшүп, көздөрүн ала качты.
— Ооба Тинаш, баары жакшы.
Бирок Тинатин буга ишене койчуудай эмес. Акырын жанына басып келе койгон курбусу отура кетип, көздөрүнө тике карады.
— Сенин көздөрүң алдай албайт. Башкача айтып турат го баарын. Ичиңде эмне көйгөй болуп жатат сени анча түйшөлткөн? Мага айтсаңчы?!
Тинатин курбусунун колдорун бекем кармай, көздөрүнө теше тиктей, жанагы суроолору менен адатынча жарга такады.
— Жоок чын айтам. Баары жакшы эле мени ойлоп кыжалат боло бербечи Тинаш. Ансыз деле сага көп көңүл бура албай жатам эс алам деп келген элең, андай деле болгон жок ээ?
Мени кечирип койчу.
Тинаш Сезимдин сөздөрүнөн бир түйшүк тартып, кыжалат боло түштү. Канчалык кыстаса деле айтчуудай эмес.
— Мм маакул... Жүрү анда сыртка, таза абага чыгып, бир аз айланып келебиз. Же киного түшүп келелиби? Же бир кандайдыр кооз тамактанчуу жерге барып отуруп келебиз? Кандай дейсин?
Ырас айтпас экен, курбусунун көңүлүн көтөрүп, бир аз алаксытып келүүнү туура көрдү кыз. Бирок ага деле көңүлү жокток, Сезим үн катпай ойлуу отура, андан соң барып сүйлөп алды.
— Барып келелиби?
Сезим акырын ооз учунан үн катты.
— Ооба -ооба үйдө отурганда эмне кечке кыжалат болуп. Андан көрө киного киребиз, тамашалуу, күлкүлүү киного. Же болбосо, тамактанчуу жайга, же барып көңүл ачып келелиби бир аз бийлеп дегендей?...
Тинатин өңү түсүн жасап, боёп жатып Сезимге карап, тамашалай сүйлөп алды.
—Мм билбейм...
Сезим ушундай гана жооп бере койду. Бирок Тинатин буга капа болгон жок.
— Мейли, өзү жакшыраак болуп калган учурда айтаар...
Ичинен ушуларды ойлоп койгон Тинатин өңү түсүн карап бүткөн соң, Сезим да экөө кийинип сыртка чыгып баратышты.
— Бахх чиркин кандай соонун?... Таза аба, керемет жыт ээ
Тинатин адатынча ар-бир нерсеге суктанганын койбой, көктү тиктей, жылмайып алды.
******************
Түн :
Узун, башына түшсөң, аягы жоктой чоң токойдун ичи. Караңгы, адам буту баспас жолдун жээгинде, жашыруун токтогон унаа. Андан ары улай баса берип,бир кыйла ичкери кирген соң 'эски саз сыяктуу жыттанган жаман жерлер,андан басып бир аз өткөн соң,далай казылган көрүстүндөр,анын ар бирине илинген кызыл бантиктер.
Он чактыдай көрүстөндөр көзгө суук көрүнүп, адам жүрөгүнүн үшүн алчуудай коркунучтуу. Арасында алар менен сүйлөшүүнү адат кыла, үңкүйүп жалгыз, өзү менен өзү, же тиги көрүстөндөр менен сүйлөшүп жатканы белгисиз жалгыз караан отурат.
Бир караган адамга капкара, кейпи кудум эле жан алгычтай боло, көздөрү оттой жанып, колуна түшкөндү азыр эле чапчып жиберчүүдөй туюлса, бир караган адамга баарынан чарчап, эч нерсе кызыксыз жандын элеси тартылат.
— Мен силерден кечирим суроо үчүн келдим. Мени кечиргиле. Гүлдөй өмүрүңөрдү кор кылып, өлтүрүп көргө тыкканым үчүн. Мен күнөөлүүүмүн баарына. Менде аёоо сезим жок экен. Эхх жашоо... Жашоо...
Ар нерсени сүйлөп ала, бирде жүзүн күлкү уяласа, бирде кайра мурунку сүрү кайтып, өзгөрүп кетет.
— Менин ичимде башка бирөө жашап жаткандай сезиле берет... Мен өзүм жакшы зле адаммын, бирок.... Бирок ичимде каардуу, эч кимди сүйбөгөн, өзүнөн башканы ойлобогон бирөө бар. Ооба! Силерди да ошол өлтүрдү! Кыз көрсө, кан көрсө көздөрү кызара түшүп, түнү менен оюмду бузуп, уйкумду алып чыгат. Ушул жактарга жетелейт. Тиги жерге дагы бир көрүстөн казып кой дейт. Жакында дагы бирөөнү алып келип көмөсүң дейт.
Эмне кылайын айткылачы? Мен ага баш бере албай кетпечүү болдум. Ал менин эркимдин баары ээлеп алган.
Өзүн-өзү актай, же анысы болбой, ар бир көрүстөндүн жанына барып сүйлөнүп күңкүлдөп алат.
— Айткылачы үшүдүңөр ээ? Мен силерди мага окшоп азап тартпасын деп алып өлтүрдүм. Анткени мен балалыкта эч нерсе көрбөгөм. Мага окшоп силерди да сабап, урбасын деп, мени зордогон сыяктуу өгөй атам...
Ушул жерге келе үнү каргылданып барып, сүйлөгөн сөзүн аягына жеткире албай, кадимкидей айтуудан да уяла түшкөндөй көзүнөн мөлт эткен тамчы жашы, жерге кулап түштү.
— Жоок... Жок эркек ыйлабаш керек ээ?
Жок дегенде силер мени түшүнөсүңөр ээ? Менин оюмду сыртта эч ким уккан эмес болгон соң, мени баары мыскылдашып күлүшкөн соң, мен оюмду жеткирүү үчүн аларды кайра мени шылдың кылып күлбөштөрү үчүн, силерге окшотуп өлтүрүп, андан соң айтат элем.
— А силер билесиңерби? Мен жаман адам эмес экенмин?... Мага муну Лунара айтты. Мен акылдуу экенмин, колумдан баары келет экен... Ошол себептүү мен ага колумдун учун тийгизе албадым... Неге? Неге дейсинби? Анткени мен аны жүрөгүмдөн жакшы көрүп калдым окшойт. Сүйүү ушундай болобу ээ???
Эсимде бала кезимде бир сүйүүнү деп, менин атамды таштап, апам башка эркек сөрөй менен басып кеткен. Анысын үйгө алып келип, мага кордукту көрсөтсө да 'жашай берчүү. Мен тууралуу ойлогон эмес, коркунучтуу эле. Апама жашынсам кайра мени күнөөлөп кошо сабачу. Азыр болсо 'азыр менин колумдан да бир иш келеерин айтты Лунара. Мен мыкты сүрөтчү экенимди, мени мактап, тарткан сүрөттөрүмдү суктана карап алчуу болду.
Балким ал да мени сүйүп калган чыгаар?....
Бир топко ушундай абалда отура, андан соң акырын ордунан туруп, унаасына отура, кайра шаар ичин көздөй баратты.
Сыртынан кой оозунан чөп албаган жоош Белектин мындай кыялын тээ асманда өэүнөн көз албай карап, жолуна жарыгын чачып турган ай, коюу сырдуу түнт токой, анан да өзү менен кошо тиги көрүстөндөгү кыздары гана билбесе, башка эч ким билбейт.
Акырын кыңылдап ырдап алып, Белек узун көчөнү бойлой баратты.
***********
Түнү менен үйүнө жете келген Динара кызды үйүнө киргизе, өзү курал жарактарын алып, даярдана, кайра бир эки кийимдерин салып алып, унааны үй астына таштай, башка такси аркылуу кызды жетелеп кайдадыр кетип баратты.
Өзүнөн башка ишенген эч кими жок. Кызды аман алып, куткарып калбаса, душмандар экөөнүн тең көзүн тазалоолору анык! Эч кимге коңгуроо да кыла албайт артынан ээрчиген душмандар, арасында өзүнүн чогуу иштеген кесиптештери ушундай чыккынчы экенине чыдай албай тек гана өзүнө ишеним артып баратты.
Үстү башына бетин жапкан баш кийимин баса кийип, жанатан алып даярдап койгон бир бөлмөлүү батирине барды. Жашына турчу башка жер жок эле. Кызды үйгө алып кирип, өөх дегендей отура кетти.
Артынан акмалаган эч ким жогуна көзү жеткен соң, бир аз деми басыла түштү.
— Эми эмне болот? Алар бизди тирүү койбосу анык!
Кыз оор үшкүрүнө жашоодон үмүтү үзүлгөн сыяктуу отура кетти.
— Сен кыжалат болбо! Баары жакшы болот. Мен сени колумдун келишинче коргошко аракет кылам. Телефон, же кол саатың болсо баарын бер деп, эски үйүнө баарын таштап келишкен. Анткени өздөрүнүн кай жерде жүрүшкөнүн белгилеп берчүү апараттарды орнотуп койуу мүмкүнчүлүгү абдан эле көп эле.
— Ал акмактар аябай эле көп экен. Алар дагы канча кыздын тагдырына ушундай балта чабышты экен билбейм. Мен алсыз болдум, бир гана өзүм качып кетүүгө аргасыз болдум. Ал жакта менден да жаш кыздар бар эле. Аларды да өзүм сыяктуу алып чыгып кете албаганыма өкүнөм.
Кыз кадимкидей өңү боз-ала болуп бузула түштү. Өзүн ушунчалык күнөөлөп турган. Мунун баарын Динара сезе койду. Жанына отура кетип, колун бекем кармап алды.
— Антип ойлонбо! Күнөөлүү санаба өзүңдү. Сен колуңдан келгенин жасадың. Сен өзүңдү алып чыгып кеткениң да чоң эрдик. Анткени канчасы ошентип кете албай туткун болуп жашап жүргөндөй кыямат... Сен азамат кыз экенсин дегим келет менин. Эркиң, кайратың күчтүү экен, ошол үчүн да кыйналсаң да качып чыгып кеттиң. Дагы бир аз чыдасак, баары өз ордуна түшөт. Коркпо! Эч качан коркпо! Ушул иштин бетин ачсак аябай чоң иш кылган болобуз. Кыздарды куткарабыз. Көрдүң го тигини?...
Динара ары айта албай үнсүз боло түштү. Кыз Динара эмне демекчи экенин байкап койду.
— Ооба андайлар көп экен. Өздөрү салып беришет кыздарды. Же бир иш менен барып калышса сөзсүз ушул мам кызматтагылар бирге жүрмөйү бар. Биз жер төлөдө отурганда эле канчасын көрдүм. Алардын далайы бизди зордуктабады.
Кыз муңая жер карай узун манжаларын укалай кыйналып кетти.
— Чушш болду эстебей эле кой. Баары жакшы болот. Эми андай жолго сени эч ким жетелеп алып бара албайт. Бул жерден кетүүбүз керек. Көпкө кармала албайбыз. Эң уюгу кай жер экенин билүүбүз экен. Эми чарчадың бир аз уктап эс алып ал.
Динара кызды жаткыра, өзү ары карай жуунучу бөлмөгө кирип кетти.
****************
— Саламатсызбы?
— Саламатчылык келиңиз!?
Өзүн жалдырай теше тиктеген жигитти кыз таңдана карап алды.
— Мен Сезим Асылбековнага берүүчү бир нече сөзүм бар эле. Кабинети кай жакта? Кирип көрүшсөм болобу?
Тиги жигит кыздан көзүн албай суктана караган тейде суроо берип жиберди.
— Бүгүн Сезим Асылбековна жумушка чыккан жок.
Кыз да тике карап жооп бере койду.
— Аа... Качан чыгат айта аласыңарбы?
— Үч күндөн соң!
—Ааа...
Ары карай басып бара жаткан жигит кайра артына бурула калып, адатынча дагы суроо узатты.
— Аа мүмкүнбү үйүнүн дареги? Билесинби?
Кызматчы кыз акырын шыбыраган жигитке таңдана карап алды. Оюнда бул эмнеге сурап жатат деген ой келип турду.
— Жок! Биз билбейбиз үйүнүн дарегин.
— Аа жакшы! Макул рахмат сулуу.
Кыз өз жуиуштары менен ары карай басып кетти. Акырын унаасына келип отурган тиги өзүнчө сүйлөнүп алды.
— Шайтан алгырдыкы десе... Кайда экен үйүнүн дареги? Эми качан өтөт үч күн?! Уххх!!!
Ачуусу келе түштү.
Эмнегедир таңдана түшкөн кызматчы кыз, бул жигит жөн эле келип сурабаганын сезип турду. Акырын кол телефонун ала, Сезимге коңгуроо чалды.
— Угуп жатам...
Ары жактан Сезимдин назик үнү угула түштү.
— Саламатсызбы Сезим Асылбековна?! Сизде баары жакшы элеби?
Кызматчы кыздын суроосунан улам Сезим чоочулай түштү.
— Жакшы эле тынчылыкпы, кечинде же....
Ары жагын улай албай суроолуу кызды күтүп туруп калды.
— Бизде тынчылык эле. Сизди бир жөнөкөй эле кийимдеги, бир жигит сурап келди.
Жөн эле сурак алып кетти. Кайда? Качан чыгат жумушка? Бөлмөсүн айт? Ал тургай үйүнүн дарегин бергиле деди.
Сезимдин жүрөгү шуу дей түштү. Демек мени билишет деген ойго жетеленди.
— Анан?... Дагы эмне деди?
Кыз коркуусун басып алып, акырын сүйлөп алды.
— Болду! Жок билбейбиз үйүңүздүн дарегин. Андан соң кетти. Ошого баары жакшы бекен деген ой деген кетип 'коңгуроо кылып жатканым?!
— Менде баары жакшы. Рахмат айтып койгонуңа. Жакшы иштегиле.
Сезим ушуларды айтып телефонду койо салды.
— Ким экен?
Тинатин ары жактан чай ичмп отурган абалында суроо узатты.
— Ооруканадагы кызматчы кыз.
Сезим да акырын жооп берди.
— Баары жакшы эле Тинаш... Азыр баары бир ушуну сурашыңды билем.
Сезим калп жылмайып Тинатиндин суроосунан алдын жооп бере салды.
— Макул! Кофеңди ич маанайың жок дале. Бүгүн серүүндөө окшободу окшойт. Чарчаган окшойсун үйгө кайтабыз ээ азыр.
Тинатин жылмайа карап, Сезимдин көңүлүн канча ачууга аракет кылып жатса да, болбой жаткандай сезилип турду.
Экөө адатта дайыма шаңдуу, ырдап жүрүшчү. Унаада кетип жатып да, узун ойлорду ойлой түшкөн Сезимди Тинатин кантип түшүнөөрүн билбей, түйшөлүп кетип баратты.
**********
Түгү менен жүзүнө баса кийген баш кийимин көтөрбөй, жерден көзүн албай жашыруун, кадамдарын тез-тез баса, шаарды көздөй Амантур жөнөп баратты. Көздөгөнү жанагы өэүнүн эски үйү. Анын жер төлөсүндө бекитилген курал жарактары, дары дармек айтор өзүнө азыр эмне керек болсо баары бар. Эң башкысы эптеп жетүү керек . Колунан сызылып аккан кан бир аз азап берип токтоочудай эмес. Анысын акырын байлап алып, жарадар экенин эч кимге байкатпоого аракет кылууда.
Топтошкон такси каттамдарынын жанына жетип келе бирөөсүнө болглн акчасын кармата, дарегин айтып отура кетти.
Шыпылдаган айдоочу акчасын ала койуп, дароо унаасын зуулдата Амантур айткан тарапты көздөй кетип баратты.
Ушундай жашынып жүрүүгө муктаж азыр. Жалгыз өзүн гана салып алып бараткан айдоочуга да карап сүйлөгөн да жок тек үнсүз жүзүн бекитип, оюнда аман -эсен көздөгөн жерине жетүүнү көздөөдө.
Түн жарымында чыккан Амантур таң атканга жакын өзү көздөгөн жерден унаадан түшүп кала, ырахматын айтып, өзү ары көздөй эски үйү тарапты көздөй жөнөп кете берди. Канча жылдар өттү. Ушул эски жашоону таштаганына. Канча жыл болду, мен адам болом деген эмес беле? Азыр жогото турган эч нерсеси калбады. Эң ким жок! Көздөрү күлүңдөй өзүнө сүйө караган жубайы жок! Андан калган жалгыз табериги кызы да жок эми! Күйүтүнөн канча жатты. Канча күн өттү. Балким эртерээк кыймылдаса,кызы тирүү кала беле зеп өзүн күнөөлөйт. Бирок андайга болобу? Ич -ичинен өрттөнүп, көкүрөгүндөгү кек, алоо сымал жалындап, өзүнөн чыгарып жатканы белгилүү.
Эчки жаман үйдүн босогосун аттаган кезде, жаш кырчындай кези эсине түшүп кетти. Бул баш эмнелерди көрбөдү?
Өзүнө-өзү сүйлөнүп алып, ухх дей терем дем алып ала, ошол -ошол бекиткен ачкычын алып чыгып, эшигин ачып жиберди.
Кичинекей гана кооз үйдүн ичи, дал ошондо кеткен убактагыдай. Таптаза баары. Ички бөлмөсүнө кире дароо жерде төшөлгөн кийиди ача салды жер төлөгө түшчү эшикти ачып жиберди да, дароо ичкери түштү.
Ичи бир адам жашоочудай кенендикте толгон -токой түрлүү куралдар жаткан. Жары дармектери да ошондо.
Дароо ордунан тура өзү дайыма жасоочу дарысын алып, ары жактагы жуунучу жайга бара, бир сыйра жуунуп алды да, колун дарылап, таңып баштады.
Уландысы бар...
Айзирек Бектенова
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4