КАЛЫПТЫРМЫН САГЫНЫП
Карап турсам көзүм тойбой көркүнө,
Калыптырмын мен тоолорду сагынып.
Кучак жайып тосуп алат тоолорум,
Колотунан булактары агылып.
Сур булуттар асманыңда сумсаят,
Сулуулугуң көргөн сайын көз таят.
Уйтулдаган уларларың жорголоп,
Улуу тоодон улам, улам үн салат.
Ак мөңгүлүү чокуларың тоолорум,
Асман тиреп айга, күнгө өбүлөт.
Карап турсам мен суктанып тоолордү,
Кырка тартып, бир ажайып көрүнөт.
Буруксуган жыттарына арчанын,
Оюм жетип, өзүм жетпей капамын.
Көзгө сүйкүм "Ак төр"- жайлоо керемет,
Калган сенде баскан изи атамдын.
Таркатайын сагынычым бүгүн мен,
Тоё жутуп дары болор абаңдан,
Кыргызымдын бейиш төрдөй жерлерин,
Карап турам ушул бийик давандан*.
Көп болду эле
ДҮБҮРТ
Дүңгүрөтүп дүйнө жүзүн дүбүртүң,
Даткалардын актадыңар үмүтүн.
Ак кар баскан чокулары Алайдын,
Акындарын ыр жаздырат күнү-түн.
Ак сакалын, улам сылап жайкалган,
Акыл-насаат балдарына айта алган.
Алымбектей датка атанын урпагы,
Алай тоосун, түбөлүккө кайтарган.
Ат канаттуу тайманбаган жигиттер,
Аска - зоодой акылдары бийиктер.
Ак калпагы асман тирейт тоолордой,
Алың жетсе берген антын бузуп көр.
Дүбүртүнөн Ай, Күн дагы титиреп,
Дүйнө жүзү, көк асманга серпилет.
Алайымдын алтын калем кыздары,
Алгансыңар "Датка" даңкты энчилеп.
Дүрбү салып "Дүбүрт"- ичин карасам,
Далай акын түркүн ырды жараткан.
Даткалардын урпактары аман бол,
"Дүбүрт"- жолдо таскак салып бараткан.