Баязид Бистамини күндөрдүн биринде уйку басып, багымдат намазына тура албай калат. Бир маалда ойгонсо эле намаз убактысы өтүп кетиптир. Баязид муну байкаары менен өкүнүчтөн өзөгү өрттөнө үшкүрүп, көзүнөн жашы буурчактап ыйлайт. Мына ушул чын жүрөктөн өкүнүп, тообо кылуусу үчүн Алла Таала аны жана анын урматына дагы жетимиш тозоктук кишини кечирет. Ошентип, арадан бир канча ай өтөт. Баязид Бистами бир күнү дагы уктап калат. Намаздын убактысы чыгайын деп калганда шайтан келип бутунан түрткүлөйт. Баязид Бистами ойгонуп караса чын эле шайтан. Ойготкону аз келгенсип » Тур, намаз оку», — деп эскертип турат. Бистами аны көрүп таң калганын жашыра албай:
— Эй, шайтан, сага эмне болду?! Качантан бер