Тараза табагына тамган жаш
"АБДЫШҮКҮР УСТАЗ БУРУЛКАНДЫ ЭМНЕГЕ ЫЙЛАЙТТЫ?”.Бурулкан үйүнө келгенде кызы үйдү зыңкыйта тазалап, тамагын даярдап отурган экен. Эртеден кечке тикесинен-тик турУшул кызы кол арага жарагандан бери, жок дегенде үй тиричилигинен бир аз арылды. Кыз бала турмуш тиричиликке бат аралашат эмеспи. Анын үстүнө, Кудай жалгап кызы да элпек, тил-алчаак болуп өсүп келе жатат. Башка кыздарчылап көчөнүн, кийимдин чатагын кылбайт. Болгонго болгондой ыраазы болуп кала берет. Анан да кийинки күндөрү динчил болуп бараткансыйт. Анысы го жакшы эле дечи, кээде эле китеп, журналдарды окуп алып апасынын башын оорутканы болбосо. Азыр да бир аз эс ала калайын деп диванга жата калган апасына