ДОСТУН ДА АРАСЫНАН ДОСУҢ БОЛОТ
Кызырдай, жандап жүрсө жолуң болот,
Көңүлүң көтөрүлүп, оюң толот.
Алмашкыс бир бооруңа, бир тууганга,
Достун да арасынан досуң болот.
Сенден да, сени дайым ойлоп жүргөн,
Жаман ой, жаман сөздөн коргоп жүргөн.
Досмун деп тизилгендин катарынан,
Досуң бар, чыныгы дос, колдоп жүргөн.
Ортоңо чок салса да тутанбаган,
Ооматың, ырыскыңа кубарбаган.
Ысык-суук сени менен бирдей сезип,
Досуң бар достук антын булгабаган.
Муңайсаң колун шилтеп, басып кетпейт,
Кыйшайсаң сени таштап, качып кетпейт.
Досуңдун арасында досуң болот,
Акырет, эки дүйнө чанып кетпейт.