Кыргызстанда, Кудайга шүгүр, чет өлкөлүк тыңчылар жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Эми кайсы өлкөнүн агенти болбогун, Кыргызстанга каршы аракеттениңер айбалта менен чабылат!
Грузияда болсо арам ойлуу чет өлкөлүктөр бизди кандай коркутушса, ошондой коркутууда. Бир гана айырмасы: “бул мыйзам кабыл алынса - силерди Европа Биримдигине кошпойбуз!” деп коркутуп-үркүтүп жатышат. Ырааматылык Осмонов Бекмамат акенин “палоону да астынан алабыз, сөздүн астында да сөз бар” деген накыл сөзүн айта турган даанышман грузин табылат бекен?
#законобиностранныхагентах#законобиноагентах#грузия2024#кыргызстан#четөлкөлүктыңчыларжөнүндөмыйзам#даанышманэл#бекмаматосмонов
Кымбаттуу бир тууган момун мусулмандарым, дуаңарга муктажмын.
Ажы атабыз 1986-жылы өтүп кеткенден бери бизге, жети бир тууганга, атабыздын ордуна ата болуп жүргөн 74-жаштагы бир тууган агам Шарабидинге Аллах-Тааладан тезинен жана толук шыпаа тилеп коюуңарды суранамын.
Алдын ала баарыңарга ырахматымды айтамын, Аллахым да силерден ыраазы болсун жана бекем ден-соолук менен узун өмүр берсин!
#биртууганым#биртууганымбирбоорум#биртууганымбайлыгым #биртууганагам#агам#акам#дуагамуктажмын#дуа#шыпаадубасы#шыпааберсиин#шарабидинбакир