Биздин Экс ажобуз К.Бакиев дээрлик жылына улуу Рамазан айында Россиянын ири 4-5 шаарларында Кыргызстандын мигрант момун миндеген мусулмандарга ооз ачтырып келет. Бул факт К. Бакиев мындан бир саясый упай топтоо максатта эмес, жараткан Улуу Алланын пендеси, Улуу Ислам динин тутунган мусулман, Пайгамбарыбыз Мухаммаддин үмөтү катары ушундай парыз-сооп иштерди аткарып келет. Ушуну да саясатка айландырып койгон бакан ооз чала сабаттар жок эмес, кана кайсыл утурумдук бийлик мучөсү ушундай сооп иш жасады? Жылда ошол ооз аларда чогулган эл ак батасын берип, алкашып Кыргыз бийлигине К.Бакиевди Кыргызстанга барууга уруксат берүүсүн талап кылган кайрылууларды кат жүзүндө жазып келет. Рахмат биздин
ПРЕЗИДЕНТКЕ КАТ
Урматтуу Садыр байке!
Бүгүн менин туулган күнүм... Бирок бүгүнкү туулган күнүмдө англис жазуучусу, Нобель сыйлыгын ээси Дорис Лессингдин чыгармасындагы каарман сыяктуу сизге кыскача кат жазууну туура көрдүм. Ал чыгармадагы каарман туулган күнүндө императорго кат жазып кайрылса, мен дагы бүгүн сизге бир өтүнүч менен кайрылгым келди.
Кудай буюрса быйыл өлкөбүздүн эгемендүүлүк алганынын 30 жылдык маарекесин белгилейбиз. Биздин мамлекеттин 30 жылдык тарыхында беш жолу Президент алмашып, сиз алтынчы Президент катары шайланып иштеп жатасыз... Айткым келгени дал ошол 30 жылдык салтанаттын төрүндө Кыргыз Ресбликасынын тарыхындагы эң күчтүү Президент болгон Курманбек Бакиев агаб