Тогузунчу бөлүмү
Пансат ойго алдырып, анда-санда Бекназар жакка назар таштап, ан сайын ичи бышып, ич бышуусу ачууга айланып, ачуусун тышка чыгаралбай эрдин тиштеп, көзүн сүзүп тим болуп келет. Пансат ошол бойдон тынчый албайт. Сөзүмдү эч ким жыра тартпасын? Алдыма эч ким ат бастырбасын?! Атаңдын көрү ай, хандарды чүкөдөй өкчөгөн миңбашылар мындай сөздөрдү ачык оозуна алган беле! Пансаттын жүрөгү сыгылды.
Карачал баатыр үргүлөп келатты. Жашы өтүп бараткан адам талыкшыса керек. Он беш асый зор көкчымбал буудандын үстүндө дым тартпай сүлкүлдөп келатты. Кыйла жолдун учуна жеткен кубаттуу буудан казыгын сагынганбы, тоо таянганда ансайын жерди бооруна алып, жан таштап, төрт туягын тарсылдатып ка
Сегизинчи бөлүмү.
— Мындай учурда, баатыр, өзүңдөн өтөрү жок, саруу уругунун колуна өзүң баш бол, — деди ал кеп чыгарып, — муну элге барып, кары-жашын бүт чогултуп алдына айтсак болот эле, бирок жигиттер чарчады, үй-үйүнө тарап кеткен соң кайта үйрүлүп биригиш узагына тартар, ошон үчүн артыкбаш жыйыны жок, аттан дегенде түп көтөрө аттана бере турган кылып, тартипти мукумдаш зарыл, жигиттер кимдин үнүн тыңшашын, кай туунун түбүнө топтолушун азыр эле аныктап билип тарашы зарыл. — Сынай тиктеп отуруп, артынан: — Керек этсең мына биз даярбыз, биздей жашы улуу кишилерден кеңеш ала жүрөрсүң... — деп акырын кошумчалады.
Пансаттын оюнда тиги ушул сөздү угары менен ыргып туруп, таазим кылып, ыракма
Жетинчи бөлүмү.
Кубалап тийген октордон үркүп, өтө кысталыш жерде колбашчыны мерт кылган ичтеги тымызын күч жүрөккө күдүк салып, уясына аңчы киргенин туюп калган бүркүттөрдөй шашыла, ата-эне, асылкеч жар, сүйгүнчүк бала, калган мекен конуш кайдасың деп, күнү-түнү тынбай ат зоруктуруп жол жүрүп, колго кеткен беш жүз жигит кайтып келатты. Алыстан бүлбүлдөп, ак жоолук салынып тосуп турган эне сыяктуу, тааныш тоо кыркалары көрүнө баштап, дагы катуу дегдетип сагыныч сүрөдү.
Көйнөктөрү этке жармашып, такым тырышып, аттары сууга түшкөн торгойдой шөмтүрөп арып, Ташкенден чыкканы жетинчи таң сүргөндө адыр этектеп жаздоо конуштарга кез келишти. Эл кайда?
Сары журт. Күлү көгөрүп жаткан жер кемеге. К