Тажаттыбы жалгыздык жанга баткан?
Эбак эле менден да айла качкан
Сагынышып жүргөнчө эки жакта,
Кел,баарысын баштайбыз кайра баштан.
Билем,мага сезимиң булганганын
Жагып жатат а бирок кызганганың
Ар сулууга ар күнү ыр жазсам да
Сени унутпай сагынат курган жаным.
Мен Бекзатмын. Кел баштан таанышалы
Бирибизге бирибиз жагышалы
Бир кездерде кыялга малынгандай
Кыялданып асманга дагы учалы.
Кел эми эркем,жүрөктөн орун алчы
Мен даракмын,кел мага конуп алчы
Жалаң гана өзүңө ыр жаздырып,
Ырларыма редактор болуп алчы.
Тажатса эгер жалгыздык жанга баткан
Кайтчы мага,менден да айла качкан
Таарынышып жүргөнчө эки жакта
Кел баарысын баштайлы кайра баштан.
Сагынышып жүргөнчө эки жакта
Таанышалы кел эркем кайра баштан?
Б. Ибраимов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев