ЭРКСИЗДИГИМ
Максат жок,кыял да жок
Алдыга талпына алган
Кереги жок ойлорду үйүп алып
Кереги жок нерсеге күйүп алып
Качан болсо жүрөмүн
Тартып арман.
Эрким кайда? Тартынбай алга карап,
Келечекке талпынып камчы ура алган
Максатымды өзүм да түшүнө албай
Иш баштасам анымды бүтүрө албай
Жарабаган ойлордун кучагында
Кол жетпеген кыялдын тушагында
Эл катары жүрөм мен да
Маанилүү иши бардай.
Көөдөнүм бош, күндөрүм көрксүз бүгүн
Ага себеп жанда жок эрксиздигим
Арыштап жыла албаган
Ааламга сыйа албаган
Адамдай ойлоно албай
Түшүнүксүз кыялын тыйа албаган
Эрксиздигим...
Б. Ибраимов.
ИЧКИЧТИН АРАККА АЙТКАН АРЫЗЫ
Эх арак ай,сен мени мас кыласын
Азгырганды негедир жактырасын
Ичиме кирип алып,сырымды билип алып,
кайгымды унуттуруп,конулду шат кыласын.
Башымды айландырып,адамды айбан кылып,
кочодо жормолотуп,жинди болгон немедей бастырасын.
тошоктой элестетип,таштанды,
ылай сууга жаткырасын.
балдарын ойлобойт деп,
аялын коргобойт деп,
аялымдын коздорун жаш кыласын...
Эхх арак ай,сен мени суйдуросун
чилкилдеп коргон сайын,
козумду куйгузосун.
Каныма аралашып,
Бастырбай тайрандатып,
корунгон тал теректи суздуросун.
сен мени шылдын кылып,кошуна колондорду кулдуросун.
Дуконду сагалайт деп,
балдарын карабайт деп,сен менин аялымды куйдуросун.
Айгыр сымал,бээ корсо кишенеген
зар
КЕЛ.
Тажаттыбы жалгыздык жанга баткан?
Эбак эле менден да айла качкан
Сагынышып жүргөнчө эки жакта,
Кел,баарысын баштайбыз кайра баштан.
Билем,мага сезимиң булганганын
Жагып жатат а бирок кызганганың
Ар сулууга ар күнү ыр жазсам да
Сени унутпай сагынат курган жаным.
Мен Бекзатмын. Кел баштан таанышалы
Бирибизге бирибиз жагышалы
Бир кездерде кыялга малынгандай
Кыялданып асманга дагы учалы.
Кел эми эркем,жүрөктөн орун алчы
Мен даракмын,кел мага конуп алчы
Жалаң гана өзүңө ыр жаздырып,
Ырларыма редактор болуп алчы.
Тажатса эгер жалгыздык жанга баткан
Кайтчы мага,менден да айла качкан
Таарынышып жүргөнчө эки жакта
Кел баарысын баштайлы кайра баштан.
Сагынышып жүргөнчө эки жакта
Таанышалы кел