Предыдущая публикация
Максат жок,кыял да жок
Алдыга талпына алган
Кереги жок ойлорду үйүп алып
Кереги жок нерсеге күйүп алып
Качан болсо жүрөмүн
Тартып арман.
Эрким кайда? Тартынбай алга карап,
Келечекке талпынып камчы ура алган
Максатымды өзүм да түшүнө албай
Иш баштасам анымды бүтүрө албай
Жарабаган ойлордун кучагында
Кол жетпеген кыялдын тушагында
Эл катары жүрөм мен да
Маанилүү иши бардай.
Көөдөнүм бош, күндөрүм көрксүз бүгүн
Ага себеп жанда жок эрксиздигим
Арыштап жыла албаган
Ааламга сыйа албаган
Адамдай ойлоно албай
Түшүнүксүз кыялын тыйа албаган
Эрксиздигим...
Б. Ибраимов.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев