ЖАРАТКАН СЫНОО УЧУН ЖАШОО БЕРГЕН
Омурдун бул беш кундук барагында
Тируулук жумуш деген талаасында
Жараткан ырыскыны тегиз берген
Адамдар мал жаныбар баарысына
- - - -
Жашоонун оош кыйыш тар жолунда
Тагдырлар ойдо ылдый ар кайсыда
Жараткан баарыбызга сыноо берип
Ар ким журот эрме чолдо адырларда
- - - - -
Кээ бироого байлыкты кенен берген
Кээ бироону нурлантып ыйман менен
Баарыбызды ар кай жолго салып койуп
Эрк каалоону баарыбызга тегиз берген
- - - - -
Жайнамазга башы тийбей жургондор бар
Жаратканын барын билбей жургондор бар
Акыйкат динде жургон момундарга
Жараткандын бейиш деген белеги бар
- - - - -
Жараткан сыноо учун жашоо берген
Бироого аз бироого коп олчом менен
Бул дуйно аздыр
СИЗДИН НАНГА БИРДА ДААМ ЖЕТЕЛЕК
Кызыл кызыл нандар жапкан тегерек
Ыссыгында сууга салып жешчуэлек
Канча даам канча нанды жесемда
Сиздин нанга бирда даам жетелек
- - - - -
Бизге атап токоч жапкан кызарган
Жоолугунуз салынгансыз кызылдан
Мен дуйнону кен деп ойлоп журупмун
Кучагыныздан тар экенго бул аалам
- - - - -
Мээриминиз жылуу болчу колунуз
Бул жашоодо жарытыныз жолубуз
Оорубаныз апаке эч оорубаныз
Ордунузга алайынчы ооруунуз
- - - - -
Автор: Алымкул Мурзабеков
БАКЫТ ТУРАТ НЕБЕРЕ ЖЫТЫН ЖЫТТАГАН
Турдуу гулдор жыпар жыты анкыган
Артык турат бала жыты баарынан
Тен келбейтко ошончо жытын ичинен
Бакыт турат небере жытын жыттаган
- - - -
Омур шамын умут берип тутанткан
Балан болот кыска колун узарткан
Торолгондо бакыт берип суйунтуп
Небере берип дал ошондой кубанткан
- - - -
Келин эмес кыз болсунчу энеге
Ынтымака берет Кудай береке
Балам дейсин эркелетип чонойткон
Баладанда ширин болот небере
Автор:Алымкул Мурзабеков
ЖАРЫК ЖАН
Карууң кетип калбаганда дарманың,
Кара түндөй сезилгенде жан жагың.
Унчукбастан,жөн гана алга умтул,
Унутбастан баткан күндүн таңдарын.
Көп сыноого кептегенде тагдырың,
Көр тирилик иргегенде калбырын.
Жан-дүйнөңдүн түпкүрүнө сактагын,
Жакшы күндүн эсеби жок барлыгын.
Чагылгандар чаккан кезде күнү-түн,
Чоктой ысып алоолосо күйүтүң.
Чымын жаның калгычакты күрөшкүн,
Чырагыңдан өчүрбөстөн үмүтүң.
Туман басып адашканда багыттан,
Турмуш дагы урай түшөт калыптан.
Өйдө-ылдый чар тараптан издебе,
Өзүң үчүн,дал өзүңсүн жарык жан.
Кереги жок көп санааны үйгөндүн,
Керегеси,уугу болгун дүйнөңдүн.
Тизмегинен чыгарса да адам зат,
Тикен жолдо гүл жашоого үйрөнгүн.
Н.Жумалиева