ДОСТОР ТУУРАЛУУ...
Досту таптым сыйды билип, ийилген,
Душман таптым дос терисин кийинген.
Айырмасын аңдап билип алардын,
Аста кадам жасап калдым кийин мен...
Жакшылыкта жандап баары көп жүрдү,
Жасалмасы далай көңүл чөктүрдү...
Кээ бирлери кыйын күндө табалап,
Кемчилигим чукуй берип, өстүрдү...
Чыйыр жолу болор менин бактымдын,
Чын достордун ак жүрөгүн жактырдым.
Ичи көңдөй, пейили тар, жасалма,
Ит досторду Кудайыма тапшырдым!
Максат Жангазиев 2014
"Жүрөк үнү" китебимен