Шарабидин Токтосунов, жактоочу:
Садыр Жапаровдун аманатын жарыялап коёюн.
Кагылайын калайык, карааны калдайган атакемден айрылдым. Аска-зоом кулады. Жүлүнүм зыркырап, кабыргам кайышып турат. Алакандай кезимден ардактап өстүргөн атама өз колум менен топурак сала албай кайгыга муунуп, көз жашка жуунуп турамын. Мындай күндү эч бир пенденин башына салбасын. Элди какшаткан зулум бийлик мага жасаган адилетсиз, жалган иши менен атамдын кайгысын көбөйтүп, акыры башын жутту!
Жок дегенде кыргыздын салтын сактап, акыркы сапарда атамдын башында турууга мүмкүнчүлүк бербей, бабаларыбыздын наркына түкүрдү.
Алыс-жакындан барып, мен үчүн топурак салып, акыркы сапарга узатып койгон замандаштарымдын