Россиядан иштеп келдим үйүмө.
Келиптир деп, үйдө конок үйүлө.
Конок тосуп, бапыраңдап аялым.
Дагы кызмат кылып жүрөт сүйүнө.
Кечке анан достор менен жолуктум.
Арак ичтик, акча чачып оолуктум.
Сагынганбыз, кечке калбай эртерээк.
Келиңиз деп, үйдө калды колуктум.
Ичтик жыргап, ар темадан кеп кетти.
Арак чиркин, эмнелерди эстетти.
Ичке кирип, башы - көздү айлантып.
Жүрөктүн да кагышыны тездетти.
Бир мас досум, кыз жөнүндө кеп салды.
Россияда кыз таптыңбы деп калды.
Жок эй досум, иштеп эле жүрдүм мен.
Кетелиби үйгө эми? Кеч болду.
Кое турсаң бу азыркы келиндер.
Карап турсаң, жаман эле бузулду.
Эри иштеп Россияда өздөрү.
Каалаганын жасап жүрүп кутурду.
Мен дагы бир, келин менен тааныштым.
Телефондон көпкө чейин жазыштым.
Эри Россияда экен, жолугуп.
Аны менен канча жолу алыштым.
Достун созу, мага тийип кеттиби.
Ачууландым, ушунчага жеттиби.
Секин барып жакасына асылып.
Ичип жаткан арак дагы тептиби.
Эмне эле деп, жатасың сен былжырап.
Масчылык да, эки көзү кылгырат.
Жок дос, сени айтканым жок башканы.
Деп сооротту, көкүрөкө ургулап.
Анан таркап, үйгө карай жөнөдүм.
Ал сөздөрдөн жалын болуп өзөгүм.
Менин дагы мен жогумда аялым.
Жүргөн болсо, кайсы күндү көрөмүн.
Үйгө келсем уктап жатат аялым.
Түнкү эки, кенен сунуп аягын.
Телефону башта турат, анаке,
Бул да жүргөн, кара деди баягы үн.
Телефонун чукуладым жатпадым.
Тууган - урук, бөлөктөр жок таппадым.
Душка кирдим, аялыма бир маал.
Чалуу келсе коюп салды шап аным.
Ким чалды деп, түнкү саат экиде.
Чуркап келип, чаап ийдим бетине.
Эч ким, койчу бул жөн эле будильник.
Кайра чаптым, ойнош келип эсиме.
Талак дедим, кайра уруп баштадым.
Күйүт күчөп, бүт ааламга батпадым.
Уул кызды кошо алып түнкүсүн.
Төркүнүнө алып барып таштадым.
Келин кайда, деди атам таң азан.
Же аларга сөз айтууга жарасам.
Түндө келин апакеңди тосподу.
Асты заара, эрте менен карасам.
Апаң баспайт, билесиң да чырагым.
Мен карыдым, тез - тез ооруп турамын.
Илгеркидей тосо албаймын апаңды.
Келин тосот, эми эмне кыламын?
Сен жокто биз, күн көрчүбүз ушинтип.
Келиниңе түйшүктөрдү куп илдик.
Уктап калбайын деп түнкү экиге.
Ал байкушуң коюп алчу будильник.
Муну угуп, денем чыкты калтырап.
Эмне болот? Кайда барам самтырап.
Ай аттиң ай, эми баары бүттү го.
Талагын да айтып салгам тантырап.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 154
Бар турмушка, жогуна да кайыла.
Жолдошубуз ачуу- таттуу соз айтса
Сыр тутабыз,жашырабыз кайгыра.
Кайын журттун сынына да
Абысындын ушак- тешек кебине,
Кайнененин каарына да
деги койчу баарына....
А эркектер кучтуубуз дешет,бирок бизчелик кучтуу боло алышпайт.Бул ачуу чындык....