Кыргыз элинин байыртадан бери сактап келе жаткан баалуулуктары көп. Биздин тарыхыбыз, тилибиз, динибиз, маданиятыбыз, салт-санаабыз, тарыхый эстеликтерибиз, нарк-насилибиз. Бирок доор алмашкан сайын, баалуулуктар өзүнүн ордун жоготуп, коом өзгөргөн сайын баалулуктарга болгон көз караштар өзгөрүп келет. Айрыкча ааламдашуу заманында, интернет доорунда бир коомдук башкаруудан экинчи коомдук жолго түшүп, башка күчтүү коомдордун маданиятына жетеленип, өзгөчөлүгүбүздү жоготуп баратабыз. А мен болсо ар бир кылган кызматымда Кыргыздын Улуттук оюндарын кошуп, Кыргыздын нарктуулугун, барктуулугун мактоого салым кошкум келет .