Ушул жылтырак темирди алыш үчүн Суйлайман тоого тынбай чуркаганы туура келет... Бу сапар I орун насип кылды, убакыттан пайдаланып , буттарыма, өпкө, жүрөгүмө ыраазычылык айтам. Булар колдоп чылбырды үзө чуркабаса анда баары бекер...
Чуркагыла достор 300$ утасыңар
Р.S
5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата өткөрүлгөн мелдештен көз ирмем.
Шердин күчү анын сабырында, алганга көзү жеткенде олжо аныкы, эчкимдики эмес! Бирөөнүн олжосуна көз артпай өзү олжону пайда кылат! Сабыры жок даярына көз арткан Шердин Ш...лардан айырмасы жок! Буюрса биз кийинки жылды чыныгы ШЕР жылы кылабыз.!
Соолуган кара Роза, алданган кыял, гүлдөрдүн аманаты.
Бул кадимки Роза гүл!..... ооба, биз сүйгөн жана эч кимге кереги тийбей калган маалдагы, бүгүн- эртең таштандыга ыргытыла турган абалдагы, кулпурган-суктанткан түсү жоголуп, жалбырагы бириндеп, күбүлүп, сабагы бүкүрөйүп, тикенектери сайганга акыбалы жок, адамдарды жек көргөн маалдагы, сынган көңүлдү көтөрөм деген кадимки табиятка сулуулугун берген, аңкыган жытын тартуулаган биз суусаган- суктанган, бир жума мурунку биз сүйгөн РОЗА гүлү.
Жерге жылуулук келээри менен нөшөрлөп жамгыр, аптап көрүп, шагына жалбырак байлап, гүл ачып, бирөө тийсе коргоном деген учтуу тикендери жарабай, табиятка сулуулук тартуулайм деген РОЗА гүлдүн көргөн күнү
....карасаң баары жетиштүү, үйдө А дан Я га чейин бар, курсак ток, бирок алты саның аман туруп, жашооңдо сүйүнтүрө турган нерсе жоголуп, болор-болбос нерсеге күйдүм чок болуп капачыл адамга айланып, эмне жетпей жатканын өзүң да билбей, убакыт тез өтүп же жаның жай албай "ооруп" калган болосуң.....
Туура "диагноз" койдуруш үчүн карылар, балдар, же мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө 1 жылда 1 же 2 жолу барып алар менен сүйлөшсөң эле, дароо диагноз коюлуп,100 пайыз кепили менен сакайып, лечение таасир берип, куландан соо болуп келесиң, ал турмак балким бул убакка чейин карылар, балдар үйүнө эмне берип, же дегеле кимге, кандай, эмне?, жардам берип келген болсоң "лечениеден" кийин, к