БААТЫРЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ
Москвадагы калемгер журт Жеңиш күнүнө арналган "Баатырларды эскерүү" кечесин жогорку деңгээлде өткөрдүк.
Улуу Ата Мекендик согушка байланышкан чыгармалар, котормолор, ырлар, сүрөттөрдөн ала келип, окуп, ырдап, аталардын эрдигине куран окуп, таазим жасадык.
"Өлбөс полк" то сыймыктануу менен аталардын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүштө баскандай ахвалда болдук.Бир четинен ыйлап, бир четинен куттуктап да алдык.
Урматтуу, баардык катышуучулар, (атыңар аталбаса кечирим) чексиз ыраазычылык билдирем. Согушту көргөн аталар, тылда иштеген апалардын арбактары ыраазы болсун.
Ишиңерге ийгилик, бакубат өмүр, чыгармачылык жандануу боло берсин ар бириңде.
Тынчтык, кызматташтык жана достук күчө
Турция 2024.
Москва - Анталья, Аланья, Сиде, Стамбул - Москва.
ДЕҢИЗ ЖЭЭГИ
Деңиз жээги, кадимкидей, кызың келди сагынып,
Көп жыл толгон кусалыкты жазайын деп ашыгып.
Көгүлтүр көк, бууракандайт толкунуң,
Күттүң беле, кучагың жаз, учурашам шашылып.
Көл кызымын - суу, тоо менин өмүрүм,
Көбүктөнгөн өркөчтөрүң жагат, бийик көңүлүм.
Кайрат, күчтүү мендей бол деп шыбырыңды угууга,
Көп жол учуп, мазар басып, каалоо жыйган көөдөнүм.
Көркөмүңдөн айланчыктап, алыс кетпей жалжылдайм,
Көз көргөнгө кубанамын, жазгы гүлдөй бажырайм.
Ырлар окуп, бакубат күн каалайын,
Ырыс коштоп дем алганга көп адамды чакырам!
Сабаева Ж.Т.
Аланья.
Пляж Клеопатры