Кандай кылсам?Баары тек го? Убара!
Карып болдум сезимине,дубана.
Жок дегенде тушумо бир кирсенчи?
Жооп кылып,тундо кылган дубама.....
Тугонуп бутсо дагы арга менде,
Тугонбойт умут чиркин дале сенде .
Дуйнодо сен эмнени жакшы корсон,
Байкалбай ошол болуп калсам эмне.
Дептир
СЕН ДА АНДА,МЕНДЕЙ БОЛУП СҮЙҮП КӨР!
Сүйүү мага жыргал бербей сүйүнтөөр,
Сапырылды аруу,таза үмүттөр.
Сезгин келсе жан дүйнөмдүн кайгысын,
Сен да анда,мендей болуп сүйүп көр!
Менин ички жан-дуйнөмө кирип көр!
Махабатым сага деген билип көр!
Мейли мени сүйбөс болсо жүрөгүң,
Мендей болуп башка жанды сүйүп көр!
Башкаларга көңүлүңдү буруп көр!
Байкап баарын, жүрөгүңдү угуп көр!
Билгин келсе ыйыктыгын сүйүүнүн,
Бир адамды чын көңүлдөн сүйүп көр!
Жүрөгүмө көңүлүңдү буруп көр!
Жалган десен,тыншап өзүң угуп көр!
Жалындаган сезимимди сезбесең,
Жакын көрүп,бир адамды сүйүп көр!
Сен да анда,мендей болуп сүйүп көр!
Окудуш