.................ТӨРТ-КҮЛҮМ...................
Кызык күндөр сенде өткөн көп күнүм,
Көчө таптап тентек кезим өрттүгүм.
Сүйүп жашайм кайда гана жүрбөйүн,
Сени мактайм сени дактайм ТӨРТ-КҮЛҮМ.
Сенде өттү ойноок кез балалыгым,
Суудай таза арамы жок тазалыгым.
Дүйнө кезип кетсем дагы алыстарга,
Дайым жакын сени менен аралыгым.
Ата журтум ырыс кутум үйүм сенде,
Алгачкы аруу таза сүйүүм сенде.
Жаратканым уулуң кылып койгонуна,
Жүрөгүмдө бир сүйүнүч бүгүн менде.
Айылым кооздугуңду жар саламын,
Ааламга атың сыймыктанып айталамын.
Бөтөн жерден табалбашым мүмкүн бирок,
Бир өзүңдөн байлык бакыт бар табамын.
Жаштык күнүм сенде өткөн көп күнүм,
Жалындаган өткөөл кезим өрттүгүм.
Сезимдерим өчпөйт такы