Көзөп өтчү кылычка бөлүнбөсүм,
Көктөмүмсүң,бүт аалам төгүн десин,
Көөнөрбөгөн,өчпөгөн жаштыгымдай
Көк чалкыган шооламсың,төгүлбөсүм.
Жер,асмандай беттешкен бирикпесим,
Желмаяндай,жер жарган дүбүрттөшүм
Жедеп танып дүйнө-өмүр кетсе дагы,
Жеке өзүңдөн жүзүмдү үйүртпөсүм.
Желдей учкан дулдулга жеткирбесим,
Жер титиреп,сел жүрсө,серпилбесим.
Жерип турган бөлөктү сезимдерге,
Жетимиш жыл бороондо жел тийбесин.
Жаңдап туяр көөдөндүн көнөктөшүн,
Жай саратан аптапка өңү өчпөсүм.
Жалмай каптап жел-куюн келсе дагы,
Жалын сымал сезимдин деми өчпөсүн.
Жамгыр сымал жаа огун өткөрбөсүм,
Жалган дүйнө, чын дүйнө бөскөрбөсүм.
Жандап учкан канатташ ак куудайым,
Жаманыңды жаңылып,көз көрбөсүн.
*** МЕН СЕНИ ЭСТЕГЕНДЕ***
Мен сени эстегенде,
дүнүйөм бүтүн жаркып,
көөдөндүн тереңинен,
сагыныч чыгат калкып,
сур түскө чулганышкан,
сезимдер кызгылт тартып ,
желге учкан сымал тарайт,
санаалар, жүргөн самсып.
Мен сени эстегенде,
дил кайрык чыгат таңшып,
көмүскө кыялдарым,
жаш барчын сымал шаңшып,
сен жыттуу,аздектелген,
туйгулар ширин тамчып,
жүрөктү эзгилеген,
кусалык кетсе да артып.
Мен сени эстегенде,
убакыт токтогонсуп,
дагы эле жаз,көктөмдүү
өзөндү бойлогонсуп,
таппаган бир түгөйүн,
эгиздей жоктогонсуп,
адашып,кымгуутта
айрылып,болбогон жуп.
Мен сени эстегенде,
эт жүрөк ойдо обдулуп,
тээ катмар булуңунан,
өксүгөн онтоо угулуп,