ЧУБАК УСТАЗ Ү́ММӨТ СИЗДИ САГЫНДЫ!
2- СЕРИЯ.
Коштошуп кеттиң,бү́ркөлдү́ биздин кабактар
Тү́гөндү́ анык,өмү́рдү́ жазган барактар Илимдин кенчи устазым жерге көмү́лдү́
А бирок калды,миңдеген видео сабактар.
Сиз келген кезде илимге кү́чөп талаптар
Айылбы шаарбы бү́т баардык дубан тараптар
Ыйманга кирип,Исламдын алып таасирин
Төгү́лдү́ нечен,ичимдик жана арактар.
Чындыкты айтып,сөзү́ңдөн дагы тайбадың
Сыноолор келсе шарият жолго байладың
Кагазга кол кой,боордошуң террор десе да
Баш тартып андан,артынан бычак сайбадың.
Чындыкты кармап,жалганды жарга тептиңиз
Бийликке эмес,Аллахка таазим эттиңиз
Исламды жайып,айыптуу болгон имамдын
Абройун коргоп,муфтийден дагы кеттиңиз.
АЗИЯНЫН АРСТАНДАРЫ.
Салам сага кыргыз элим
Башты бийик көтөргү́н
Кыраан элим байыртадан
Сөзгө чечен өжөрсү́ң
Намысыңды алдырбагын
Кайтпа элим ушундан
Тарых бети тастыктаган
Улуу элсиң мусулман.
Дин исламды кармап келген
Тагай бийдин урпагы
Азиянын арстандары
Алга карай чуркагын
Акыйкатты көрү́п туруп
Көздөрү́ңдү́ жумбагын
Дү́йнө бойлоп даават кылгын
Чарчабасын тулпарың.
Алга алга,мына кетти
Азиянын арстаны
Бү́ркү́т сымаал бийик учкан
Бул мусулман жаштары
Ислам менен бириктирип
Бү́т мусулман элимди
Сактап калгын капыр батыш
Тартып алган жериңди.
Элиңди,жериңди
Тоо астында кениңди
Алуу ү́чү́н кү́рөш кү́рөш
Бекем буугун белиңди
Жедирбегин жемиңди,
Төккү́н маңдай териңди
Биз мусулман