Хан Манас атабыз
Кулаалы таптап куш кылган,
Курама жыйып журт кылган мамлекеттүүлүгүң кут болсун Кыргызстан!
Ар дайым асманыбыз ачык, журтубузда тынчтык, көчөлөрүбүздө балдардын күлкүсү жаңырып турсун.
Элибизде токчулук, ынтымак дасторконубузда береке төгүлүп турсун.
Майрамыңыздар менен Кыргыз элим!!!
Урматтуу мекендештер, кадырлуу Кыргыз калкым! Дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы болуп жаткан окуялар баарыбызды, өзгөчө жаштарды бир муштумдай биригүүгө, келечегибиз үчүн ачык күрөшүүгө түртүп жатат.
Биз да өз өлкөбүздүн активдүү жарандары катары Шайлоочулардын Коомдук Кеңешин түзүп, биз үчүн маанилүү болгон максаттарыбызды жана талаптарыбызды алгач сиздердин алдыныздарга сунуштап жатабыз.
Алымча-кошумча кылсаңыздар болот.
Шайлоочулардын Коомдук Кеңешин түзүүдөгү эң негизги максаттарыбыз төмөнкүлөр: * Чыныгы Элдик парламент түзүү * Парламентке жаңы саясий күчтөрдүн келишине шарт түзүү * Коомдогу пикирлерди бир аянтчага топтоо. * Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү *
Бал аары.
Жаратылынган жан-жаныбар, чымын-чиркейлердин эң эле акылдуусу.
Дисциплина, тартип, эмгек деген асыл сапаттарды ушул аарылардан үйрөнсө болчудай.
Менин ишкерликке жасаган алгачкы кадамым да ушул балчылыкты аркалоо менен башталган.
Аарылар менен тил табышып, иштеше билүү өзүнчө бир искусство.
Ырахаттуу жумуш.
Буларды башкара билүү өзүнчө бир мамлекетти башкарганга тете, себеби ар бир челекке өзүнчө аяр мамиле жасап өнүктүрүү абзел. Анте албасаң түшүм да ала албайсың.
Биздин мамлекет ишкерлерге жасагандай мамиле жасасаң анда бүттү дей бер
Баса чыныгы тоонун таза балы керек болсо кайрылсаныздар болот :) сапатына кепилдик берем.
#бал#пчеловодство#токтогул