Жаш жубайлар 1-болум
Зульфира Болотбековна АСЫЛБЕКОВА
Жаш жубайлар
Кайнене-келин баяны
Бул аңгеме сүйүү, каада-салт, жаштарга тарбиялык мааниси чоң, ыйманга үндөгөн чыгарма.
“Керегем сага айтам келиним сен ук”
Кызын күйөөгө узатып жатып Алымкан апа каргылданган үнү менен адаттагыдай акыл-насаатын айтып жатты.
— Кызым, сен бой жетип, чүрөктөй супсулуу кыз болдуң. Колубуздан келишинче өстүрүп, тарбия бердик, эми уядан учкан турасың. Өмүрлүк жарыңды өзүң таап, жактырып, көңүлүң менен баратасың. Сени мажбурлаган эч ким жок. Бейтааныш үйгө барып, тааныбаган, буга чейин көрбөгөн, кулк мүнөзүн билбеген адамдар менен жашайсың. Алардын айткан сөздөрүн ыклас менен тыңшап, так аткарып, өзүңд