Алманын түсүнө жараша пайдасы Түрдүү түстөгү алманын өзүнүн пайдалуу касиеттери бар экен, аларды тандоодо ушул факторду эске алуу
зарыл
Жашыл алма эң диеталык жана аллергиясы барлар үчүн пайдалуу. Алар ошондой эле зыяндуу бактериялардын өсүшүн токтотуп, тамак сиңирүүнү жакшыртат.
Кызыл алма клеткаларды эрте картаюудан сактайт. Кызыл алманын кабыгы С витаминине бай, ал жүрөк-кан тамыр ооруларына жардам берет.
Сары алма боор менен өт баштыкчасынын иштешин жакшыртат. Күнүнө бирден алма ден соолуктун ачкычы экенин унутпаңыз!