#КИМДЕ КҮНӨӨ ?
Анипа эже жетимиштен ашканы менен чыйрак. Кылган эткени шайдоот, неберелерин жалгыз багып баарын бойго жеткирди. Улам бирин чоңойтсо, улам бирден келини төрөп алып келет. Беш-алты ай, же эми кырккы чыккан неберелерин кабагым-кашым дебей багып чоңойтту. Абышкасынан ажыраганына да отуз беш жылдай болуп калыптыр. Үч уул, үч кызды турмуштан тындырып, эми неберелерин багып, ушулар бутуна турсун деп тиргиликке баш оту менен кирип, өзүнө да карабаптыр. Отуз беш жылдан бери жалгыз бой балдарым деп жашап келет. Ысык суукта калып бүт тиштери жараксыз болуп, анын да азабын тарткан. Ушу балдарым кыздарым бутуна туруп алсын деп, кырк жашында оозуна бүдүр тиши жок кийме тиш кийди (