Адамдарга үмүтүм!
Аалам биздин пайдабызга жаралган
Адам-ата, Обо-энеден таралган
Келген менен бул жарыкка ыңаалап
Кетерибиз анык тура кайрадан
Төрөлгөндө билбечи элек эч нерсе
Төгүп мээрим чоңойтушат ата-эне
Төп көркөмү адам сулуу, сырдуу да
Төлөмү жок нейматтар бар билгенге
Адамзатка акыл берген жараткан
А адамдар аны ар кандай сарптаган
Айбандар бар акылы жок болсо да
Алардын да кызматы адал байкасам
Осүп турат жерден далай ырыскы
Өндүрөбүз, көбөйтөбүз кызыгы
Өзүбүзгө жазылган бир тагдыр бар
Өмүр бүтөт: кандай анын сызыгы
Канаттуулар калкып учса көкөлөп
Карап турсам,караандары жок болот
Асманда бар-байкайм сырдуу ал дайым
Катылгандай сырлар анда түрмөктөп
Балким биз да көккө учуп бар
Мен бүгүн календарга караганда
Бир дүбүрт өрттөп кетти карегимди
Мерездик таштай каткан жүрөгүм да
Бул кезде кайт кечирим сура деди
Жок дедим ар-намысым жибербейт деп
Жолум жок артка кадам шилтенбейт деп
Негедир буулугуп бир ыйлап алдым
Күнөөкөр өзүмдү-өзүм миң жемелеп
Календардын сырын да баяндайын
Туулган күнү болчу бүгүн бир инсандын
Ал мен үчүн ушул күнү төрөлгөн деп
Календардан белгилеп жүргөм дайым
Бирок башка, ал жан жалгыз мендик эмес
Бийлеп койуп сезимди, өзү элес
Унутууга канча ирет ант берсем да
Эстей берем ушинтип аны кез-кез.
___КЕЧИР ЖҮРӨК ЖҮДӨТТҮМ____
Жүрөгүм какпа сезим дарбазасын,
Эски дартың эми кайра айыкпар,
Сүйүүм тепсеп кеткен үчүн ал адам,
Бир күн келип өз өзүнү айыптар.
__
Азыр менде барар жагым дарексиз,
Мен өзүмдөн издеп жүрөм күнөөнү,
Балким азыр тартып жүрөм жазамды,
Жаңылышып сүйгөн үчүн бирөөнү.
__
Оңой бирок таңдап кетүү башканы,
Өтмүштөргө колду шилтеп кетүүдөн,
Жасай алам бирок өзүм коркомун,
Өз өртүмө күйүп жашап өтүүдөн.
__
Мен өзүмдү жалгыздыкка үйрөттүм,
Бүт арманым жүрөгүмдө түнөттүм,
Кечеги күн бүгүн мага коркунуч,
Эх жүрөгүм сени дагы жүдөттүм.
__
________КАЙРАТ АШУРОВ__________