ЖАЛГЫЗДЫККА БАЙЛАП АЛЫП
Жаштыгымды жалгыздыка байлап алып,
Жашап келем мезгилимди камчыланып.
Ээ-жаа бербей өмүр дайрам агылууда,
Жан дүйнөмдүн сырларын коштоп алып.
Татаал тагдыр баш ийгизди тузак жайып.
Байоо мүнөз эркелигим унуткарып.
Ымтырап жүргөнүмө ызаланам,
Көксөгөн максатыма ээх, жетпей калып.
Жактырып жалгыздыкты жолдош тутуп
Жашайм канча?...обочолоп уя куруп.
Өзөк өрттөйт аттиң ай өкүнүчүм,
Жан дүйнө тамырларым барат соолуп.
Эркеайым Боталиева.