Кайнежемин келинге
Кайнежемин, татына сулуу периге,
Каттуу суйлоп, жаман айтпайм келинге.
Эжекелеп, сыйлап турса жадырап,
Кубанычтан дем кошулат демиме.
Жаны келин, болгом мен да кезинде,
Жалт-жалт карап ар тарапты тигиле.
Жаман айтып, койбосо экен кими деп,
Чочулаган кундорум азыр эсимде.
Келин дагы бир булоонун баласы,
Апасынын жандай кызы карачы.
Умут менен тилек кылып остургон,
Ата-эненин, козунун ак -карасы.
автор: Венера Мырзабекова