Орозонун урматына бир күн жол акы албаган 176-маршруттун айдоочусу Тажибаев Илгиз: «Бекер иштегенимди жарыя кылгым келген эмес»
– 26 жаштамын, маршруттук такси айдаганыма жети жылдан ашты. Динге көз карашым жакшы, жума намазга барып, баяндарды угуп соопчулук иштерди кылуу керектигинен кабардар болуп турам. Мурунку жылы орозонун урматына элди бир күн болсо да бекер ташысам деп ниет кылгам. Бирок былтыр кичиавтобусумду сатып башка жумушка кетип калып, орозо айында ал оюмду ишке ашыра албай калып абдан өкүндүм. Кийин жумушум болбой айланып бул жакка кайра келдим. Быйылкы орозодо баягы ниетим эсиме түшүп жубайым менен кеңешсем, ал да туура көрдү. Экөөбүз түндө ак кагазга калем менен жазып чапт