Жаштар жана Келечек Кесиптери
Акыркы 2-3 жылдын ичинде Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып, миңдеген жаштар менен жолугуп, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк болду. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, азыркы учурда жаштардын кайсы кесипке көбүрөөк кызыгарын жана ошондой эле, эмне себептен ошол кесиптерди тандагысы келерин билгим келип, жеке изилдөө жүргүздүм. Изилдөөнүн жыйынтыгы бир эсе мени таң калтырса, бир эсе мени өтө ойлондурду. Себеби, биздин жаштар, өзгөчө 17-18 жаштагы мектеп бүтүрүүчүлөрү дээрлик 70%ы дагы деле кайсы кесипти окугусу келгенин же кайсы кесипти окуш керектигин билишпейт экен. Ошондой эле, калган 30%дын 70-80%ы дагы деле юридикалык, эл аралык мамилелер же медицина багыты боюн