ОЙЛОНУП СҮЙЛӨ
Таттыгүл койуп атыңды,
Тиледи атаң жашыңды.
Уктабай сени окутуп,
Сурады апаң бактыңды,
Мээнетин актап тынч жүрүп,
Иштетсең болмок башыңды..
Агытып тилди узартып,
Ар түрдүү сөздү сүйлөйсүң..
Өлгөнгө күлүп табалап,
Мазактап улам бирөөсүн..
Денеси жерге түшпөстөн,
Көтөрдүң маркум күнөөсүн..
Өлүмдүн көрүп азабын,
Түгөнбөй кошок казалың,
Кайышып турган элиңе,
Душмандык кылдың асалым..
Маркумдар жерге берилбей,
Тилиңдин тарткын азабың..
Бөлөсүн элди экиге,
Жүрөсүң бийик секиде..
Журт бузар атка сен конуп,
Жерге батпай өкүнбө,
Кыргыздын тырмап жарасын..
Бир өмүр бөөдө бекинбе..
Маркумдун эти муздабай,
Кыргыздын жашы кургабай,
Күл болуп күйүп турганда,
Сүйлөй