Урматтуу кыргызстандыктар!
Бир маселе боюнча сурамжылоо кылып коёюн деп чечтим.
Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” туристтик комплекси былтыр мамлекеттин карамагына өткөн.
Албетте мурда жакшы каралбай калгандыктан кунары кача түшкөн. Быйыл оңдоо-түздөө иштерин жүргүзө баштадык.
Кудай буюрса жакын арада туристтерди кабыл алып баштайт.
Мына ушул “Рух Ордого” эң чоң пирс салынып жатат. Ал пирс формасы комуздун түспөлүн көрсөтүп турат.
Ортосунда боз үй форамасында айнек ресторан болот. Ресторанда улуттук тамактар гана берилет.
Тейлөө кызматындагылар улуттук кийим кийишет.
Кыскасы улуттук колоритибизди көрсөткөн туристтик комплекс кылалы деп иш баштаганбыз.
Кечээ эле өзүм барып и