АНДАГЫ АЯЛ ЭБАК ӨЛГӨН ...
Мигрант кыз-келиндердин тагдыры үч окуяда
Мигранттар деп биз жалпылап эле Кыргызстанды багып жаткан калың бир массаны кабылдап калдык. Ооба, алардын чет жакка кеткен себеби менен максаты бирдей, алыста калган мекени жана балдарына болгон кусалыгы окшош… Бирок ар биринин тагдыры менен кайгысы ар башка…
18-декабрь -Мигранттар күнү. Биз Фейсбук колдонуучусу Лили Ли жазган кыргызстандык мигрант кыз-келиндердин жашоосу тууралуу баяндарын бөлүшөбүз.
Беш баласына алып барчу эки билет кымбатка түштү -чайкалган мээ, талкаланган тиш, көгала дене. Бирок Дамирадан өткөн бактылуу жан жок эле…
Дамира эжени жарым жылдан бери эле билем. Күйөөсү менен биздин батирге көчүп ке